Епископ Даниил Литургия жана авто кырсыктардан каза болгондордун баарына лития өткөрдү

  19 ноября 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию и литию по всем погибшим в автокатастрофах

Жекшемби, 18-ноябрда, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын жетектеди.

Улуу урматтуу менен бирге протоиерей Валентин Никонов жана иерей Георгий Дворовой кызмат өтөштү. Литургиядан кийин Москва жана Орусия Патриархы Кириллдин батасы менен жалпы дүйнөдө авто жол кырсыктарынан каза болгондорго лития окулду. Сыйынууну соңунда владыка Даниил келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды:

“Кымбаттуу бир туугандар, баарыңарды жекшемби күнүңөр менен куттуктайм! Ден соолук, бекемдик жана Кудайдын жардамын тилейм!

Бүгүнкү жекшембиде биз өзгөчө маанилүү Евангелие окуусун уктук. Биз кан агуудан жабыркаган жесир аялдын кантип сакайганын уктук. Ал Христке жакын барып, Анын кийиминин четин кармаган, “Эгер жок дегенде Анын кийимин кармасам айыгып кетем” деп ойлогон. Оорукчан аял Христтин кийимин кармаары менен дароо айыгып кеткен.

Биздин күндөрдө көптөгөн адамдар узак жашоого жана өлбөстүккө умтулушат. Бирок бул умтулуу Кудай жолундагы өлбөстүккө эмес, дененин өлбөстүгүнө умтулуу болууда. Албетте бул жаңылыштык. Лукавый бул ойлор менен бизди Кудайдан алыстатып, Ыйык Духтун ордуна жүрөгүбүзгө кымкуут салып, жердеги дене жыргалчылыгына азгырып турат. Кишинин жүрөгү таш болуп ката баштап, Кудайдын жакшы кабарын кабыл албай калат.

Евангелиенин тарыхы бизге эмнени үйрөтөт? Ал ишенимдин күчү бар экенин үйрөтөт. Мен бул окуудагы жесир аялдын өзгөчө ишенимин баса белгилегим келет. Ал жөнөкөй аял болгон, байлыгы, өзгөчө таланттары жок болчу; ал аялда бир гана нерсе – улуу ишеним бар болчу. Анын ишеними ушунчалык күчтүү болгондуктан дароо айыгып калган.

Биз жашообузда дайыма жогору тараптан берилгенден ашык кереметтүү нерселерди издеп турабыз. Аны издөөнүн кереги жок. Кудай дайыма биздин жаныбызда. Ал бизге эмне керек экенин билип турат. Кудай биздин денебизди жана жан дүйнөбүздү бардык азаптардан айыктырат. Кудай бизге биз муктаж болгон нерселерди берет. Кудайга бир гана биздин сүйүүдөн жанып турган жана ишенимге толуп турган жүрөгүбүз керек.

Кымбаттуу бир туугандар, баарыңарга ыйык молитваңар үчүн ыраазылык айтам. Баарыңарды Ангел-Куткаруучу сактасын.

Силерди жекшемби күнүңүздөр менен куттуктайм!”.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.