Епископ Даниил Москва жана Орусия Патриархы Кириллди туулган күнү менен куттуктады

  20 ноября 2018   На русском
Епископ Даниил поздравил Патриарха Московского и всея Руси Кирилла с днём рождения

Улуу Даражалуу, Ыйык Владыка жана Ата!

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлеринин, монахтарынын жана карапайым

кишилердин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кудуреттүү Кудайдын буйругу менен Сиздин

маңдайыңызга жазылган улуу кызмат үчүн Сиздин өсүшүңүз башталган күн - Сиздин туулган

күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Кудайдан өмүрдү белекке алып, Сиз бул талантты өзүңүзгө эмес, Кудайга ыйык кызмат өтөөгө

арнадыңыз. Сиздин бүткүл өмүрүңүз Кудайга, Анын Чиркөөсүнө жана жалпы элге талыкпай

кызмат өтөөнүн үлгүсү болуп келет. Сиз Христтин чыныгы Кызматчысысыз, сөздүн, жашоонун,

сүйүүнүн, духтун, ишенимдин, тазалыктын үлгүсүсүз (1 Тим. 4:12). Сиздин үлгүңүз архипасырларга,

пастырларга, монахтарга жана карапайым кишилерге Кудайды жана жакындарды карай

куткаруучу жолдо чалынбай жүрүү үчүн мисал болот.

Кудайды танган жылдары чиркөө кызматында татаал жолду басып өтүү менен Сиз Кудайдын

ырайымы менен Москва жана Орус Патриархы жооптуу кызматына турдуңуз, бул Кудуреттүү

Кудайдын ишенимдүү адамдарга “Чындык Сөзүн айтууга укук” бергенинин мисалы болот.

Ушул өзгөчө күнү биз - Кудайдын ишенимдүү балдары Сизге, Ыйык Владыко, Сиздин көп

миллиондогон пастваңыз менен рух биримдмигинде жана Евангелиенин проповединде

баарлашуу менен биздин Чиркөөнүн Башчысынын миссиясын ар-намыс жана кубануу менен

аткара берүүнү каалайбыз!

Сизден дубаңызды жана Первосвятителдик батаңыды сурап,

Христти Урматтап сүйгөн,

Бишкек жана Кыргызстан епсикобу




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.