Престольный майрамында ЖККУ “Кант” аба базасындагы Александр-Невский храмында такыба князь Александр Невскийдин мощу салынган иконаны салтанаттуу тосуп алышты. Протоиерей Валентин Никонов Литургия өткөрдү

  06 декабря 2018   На русском
В престольный праздник в Александро-Невском храме Российской авиабазы ОДКБ «Кант» встретили икону благоверного князя Александра Невского с частицей мощей. Протоиерей Валентин Никонов совершил Божественную литургию

2018-жылдын 6-декабрында, Пятидесятница боюнча 28-жумада, такыба улуу князь Александр Невскийди эскерүү күнү “Кант” аба базасына княздын мощу бар иконаны жеткирип берүү салтанаты болду.

Маалымкат: Такыба князь Александр Невскийдин мощу салынган икона Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин өтүнүчү боюнча жана Псков жана Порхов митрополити, Псков-Печера монастырынын башчысы Тихондун (Шевкунов) батасы менен Кыргызстанга алынып келди. Ыйык иконаны биздин өлкөбүзгө Иерей Евгений Циклаури алыпп келди.

Ушул жылдын 23-ноябрында Бишкек шаарындагы Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун собордук аянтында Александр Невскийдин мощу бар иконанын тосуп алуу салтанаты болгон.

Ыйык икона ЖККУнун “Кант” аба базасынын Александр-Невский храмына берилген жана Бишкекте 6-декабрга чейин убактылуу турган.

6-декабрды эртең менен такыба князь Александр Невскийдин образы Бишкектен Россиянын аба базасына жеткирилди.

Иконаны салтанаттуу тосуп алууга көп киши чогулду. Ыйык образды аба базасынын командачылыгы жана өздүк курамы, жаш аскерлердин отряды, казактар жана чакырылган меймандар тосуп алышты. Троппардын ырынын коштоосу жана улуу князды даңазалоо менен иконаны храмга алып киришти. Андан кийин Литургия болуп, аны митрофор протоиерей Валентин Никонов жетектеди. Аны менен бирге Бишкек округунун благочини протоиерей Андрей Борисенко, Димитрий Солунский храмынын башчысы протоиерей Александр Мезенцев, такыба ыйык князь Александр Невский храмынын башчысы иерей Евгений Циклаури, Покрова Пресвятой Богородицы храмынын башчысы Олег Бибик, иерей Георгий Дворовой кызмат өтөштү.

Литургиядан кийин молебен өткөрүлдү жана икона менен храмды айлана жүрүш жасалды.

Андан кийин протоиерей Валентин Никонов келгендерди престольный майрамы менен куттуктады. Ыйык княздын өмүрү жөнүндө, анын Кудайга ишеними тууралуу, элге жана Мекенге өтөгөн кызматы жөнүндө проповедь айткан Валентин Никонов жоокерлердин аскердик кызматынын маңызы тууралуу айтты. Ал аскер ишине болгон сүйүү жана Россия аскерлеринин Кыргыз Республикасында өтөп жаткан маанилүү миссия жөнүндө сөз кылып, алардын башкы максаты өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун сактоо экендигин белгиледи. Проповеддин соңунда протоиерей Валентин Никонов аскер кызматчыларына, казактарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө улуу князь Александр Невскийдин колдоосун жана жардамын тиледи.

Сыйынуу бүткөндөн кийин келгендерге, меймандарга түшкү тамак – талаада бышырылган аскер боткосу жана таттуу чай сунушталды, андан кийин Владимир Белкин жетектеген казак ансамблинин концерти көрсөтүлдү.

Бул күнү каалоочулардын баарына аэродромго экскурсия уюштурулуп, аба техникасы менен тааныштырылды.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.