2018-жылдын 12-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар кыргыз эл жазуучусу, гуманист, философ Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган концерт болду.
Иш-чарага төмөндөгүлөр келишти: Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, көптөгөн атка минерлер, ар кандай чыгармачыл союздардын, ардагерлер кыймылдарынын, адабият, илим жана искусство өкүлдөрү.
Кыргызстан Жазуучулар союзунун чакыруусу боюнча иш-чарага Улуу урматтуу епископ Даниил дагы катышты.