Епископ Питирим жана епископ Даниил Тажикстандагы Ыйык-Никольск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  24 декабря 2018   На русском
Епископ Питирим и епископ Даниил совершили Божественную литургию в Свято-Никольском кафедральном соборе Таджикистана

2018-жылдын 23-декабрында, пятидесятница боюнча 30-жумада Дүйшөмбү жана Тажикстан епсикобу Питирим Бишкек жага Кыргызстан епискобу Даниил менен бирге Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүдө жайгашкан Ыйык-Никольск кафедралык соборунда Литургия өткөрүштү.

Владыкалар менен катар Тажикстандын жана Кыргызстандын дин кызматчылары кызмат өтөштү. 

Владыка Питиримдин келүүчүлөргө архипастырлык кайрылуусу бүткөндөн кийин епсикоп Даниил ардактуу мейман катары кайрылуу жасады.

“Кымбаттуу аталар, бир туугандар!

Кыргызстандан келген биздин делегациябыз бир жумадан бери сиздерге мейман болуп жатабыз. Кудайдын буйругу менен биз сиздердин жашооңуздарды көрдүк. Мен бир гана нерсени айткым келет православ храмын карманыңыздар. Дүйшөмбүдө православ кишилер аз. Сиздерди куткаруу, сиздерди куткаруучу арал, сиздердин диний жашооңуздардын концентрациясы – баары ушул жерде болушу керек. Владыка айткандай, бул жерде 3000 киши жашаса, храмга 10%ы гана келсе - 300 киши келет. Ошондуктан Кудайдын храмына келгиле – бул сиздердин жүрөгүңүздөр, бул сиздердин жашооңуздардын негизи болот.

Тажикстандагы жарандык согуштун кесепетинен православ кишилердин көбү өлкөдөн кетип калышкан. Бирок бул жерде жашоодон коркпогон эр жүрөк кишилер калды. Биз жашоодон оң нерселерди издешибиз керек. Жакшы учурларды карашыбыз зарыл – мыкты климат, даамдуу мөмө-жемиштер жана кооз жаратылыш бар бул жерде! Булардын баарын Кудай жараткан, жасаткан нерсеси аркылуу биз Жаратуучуну көрүшүбүз керек. Ошондон ырахат алып, эргүү алып жана эмгектенишибиз керек!

Владыка Питирим бул жерде жети жылдан бери эмгектенип келет. Экөөбүздүн хиротониябыз бир жылы, болгону 3 ай айырма менен болгон. Ал эң башынан бул жерде кызмат өтөп келет. Мен коңшу Кыргызстанда кызмат өтөйм. Ар башка жерлер, ар башка элдер, ар башка маданияттар. Бирок бул жерде дагы, ал жакта дагы православ кишилер бар. Бул Орто Азиянын бир үй-бүлөсү сыяктуу. Биз христиан ишенимин сактап калышыбыз керек. Бул жерде силердин ата-бабаларыңар жашаган, небере-чөбөрөлөрүңөр жашайт. Жашооңуздарды биздин динибизден, Кудайдын Сөзүнөн, Чиркөөдөн келген кубаныч жана үмүт менен азыктандырыңыздар. Чиркөөнүн ынтымактуу үй-бүлөсү болуңуздар. Кудайга баары үчүн ыраазылык айтыңыздар! Биз болсо, коңшу катары дайыма силер үчүн дуба кылып турабыз. Силер дагы бизди унутпагыла!”.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.