Дүйшөмбү шаарында Орто Азия митрополия округунун Синодунун отуруму өттү

  25 декабря 2018   На русском
В Душанбе состоялось заседание Синода Среднеазиатского митрополичьего округа

Синоддо Константинополь Патриархатынын Украинадагы канонго каршы иш-аракеттерине байланыштуу жагдай боюнча  Билдирүү, ошондой эле Украинанын президентине жана Жогорку Радасына ачык кат кабыл алынды.

2018-жылдын 20-декабрында Дүйшөмбү жана Тажикстан епархиясынын епархиялык башкармалыгында Орто Азия митрополия округунун Синодунун ушул жылдагы акыркы отуруму өттү. Дүйшөмбү шаарында биринчи жолу өтүп жаткан Синоддун отурумуна Дүйшөмбү жана Тажикстан епискобу Питирим жана Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил катышты. Синодго Орто Азия митрополия округунун башчысы Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий төрагалык кылды.

Синоддо өзгөчө көңүл акыркы айларда Украинанын канондук Правслав Чиркөөсүнүн, анын Башчысынын, Киев жана жалпы Украин  Блаженнейший митрополити Онуфрийдин, дин кызматчыларынын жана дин жолундагы карапайым кишилердин айланасында болуп жаткан коогалаң жагдайларга бурулду.  Ушуга байланыштуу Синоддун мүчөлөрү ОПЧ Ыйык Синодунун Константинополь Патриархаты менен евхаристикалык баарлашууну аргасыз токтотуу жөнүндө чечимдерине толук колдоосун билдиришти. “Бул учурда биз бул кадам убактылуу гана чара болот жана Константинополь Патриархатынын ыйык жетекчилигин артка кайтууга алып келет, Христин Чиркөсүнүн жашосунда тез арада тынчтыкты орнотууга алып барат деген үмүтүбүздү сактап калабыз”.

Орто Азия митрополия округунун епархияларынын башкаруучу архиерейлери Киевдин жана жалпы Украинанын  Блаженнейший митрополити Онуфрийге, дин кызматчыларына жана дин жолундагы карапайым кишилерге өздөрүнүн колдоосун билдиришти жана Украинанын президенти Петр Алексеевич Порошенкого жана Украинанын Жогорку Радасынын депутаттарына ачык кат менен кайрылышты. Бул кат Украинанын Тышкы иштер министрлиги аркылуу жөнөтүлдү. Каттын көчүрмөлөрү төмөнкүлөргө жиберилди: Москванын жана жалпы Орустун ыйык Патриархы Кириллге, Киевдин жана жалпы Украинанын  Блаженнейший митрополити Онуфрийге, Орус жана Украин Православ Чиркөөлөрүнүн тышкы чиркөөлүк байланыш бөлүмдөрүнө, Украинанын православ журналисттеринин союзуна, эл аралык уюмдарга – БУУ Киши укуктары боюнча башкармалыгына жана ЮНЕСКОго, ошондой эле эл аралык ММКлардын өкүлдөрүнө.

Билдирүүнүн жана Каттын толук тексти епархиянын pravoslavie.kg сайтына жайгаштырылды.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.