Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда ыйык такыба Иоанн Русскийдин кубаттары салынган ковчегди тосуп алышты

  25 декабря 2018   На русском
В Свято-Воскресенском кафедральном соборе встретили ковчег с мощами святого праведного Иоанна Русского

2018-жылдын 25-декабрында, Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрүүнүн алдында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда ыйык такыба Иоан Русскийдин ыйык кубаттарын тосуп алуу болду.

Ыйык кубаттар салынган вочег Бишкек епархиясына Дүйшөмбү жана Тажикстан епискобу Питирим тарабынан тартуу катары берилди. Кыргызстанга ыйык кубатты владыка Даниил алып келди.

Маалымкат: Ыйык Иоан Русский XVII кылымдын соңунда Малороссияда төрөлгөн. Петр I падышанын аскеринде кызмат өтөгөн жана орус-түрк согушуна катышкан. Туткунга түшкөн. Түрктөр аны мусулман динине өткөрүүгө натыйжасыз аракеттерин көрүшкөн. Туткундун эч нерседен коркпой турганын көргөн кожоюн аны кыйнап православиеден баш тарттыруу аракеттерин токтотуп, мал кайтарууну тапшырган. Малканага Иоан үчүн төшөк салынган. Жанындагылар Иоандын чын дилинен иштеп жатканын шылдың кылганына карабастан, ыйык киши аракетин токтоткон эмес, ал тургай кожоюндун башына иш түшүп кыйналса, ага жардамын берген. Ыйык кишинин боорукерлиги үй ээсине жагып калган. Ал Иоанга ишенип жана чынчылдыгын сыйлап, ага эркин киши катары жашоону сунуштаган. Бирок Иоан атканада жашоосун уланта берген, анткени ал жерде ага түнкүсүн Кудайга сыйынууга эч ким жолтоо болгон эмес. Кээде түнкүсүн ал улуу азап таруучу Георгий храмына сыйынууга келип турган. Ушул храмда ал майрам күндөрү причастие өткөргөн. Өзү жакыр болгонуна карабастан, дайыма муктаж болгондорго жардам берип турган. Кудай өзүнүн ыйык кишиси аркылуу жерге кереметтерди жиберген.  Алсак, кожоюн алыскы өлкөлөргө саякаттап жүргөндө туугандары аны майрамдык кечеге үлгүрүп келбей калат деп санаа тартышкан. Ошондо ыйык кишинин жашыруун дубасы менен үй-бүлөлүк дасторкондогу палоо салынган табак кереметтүү түрдө кожоюнга жеткирилген. Үй-бүлөнүн кылымдардан бери келе жаткан идишине салынган аш ысык боюнча кожоюндун алдына тартылган.

Ыйык такыба 1730-жылдын 27-майында Святых Тайн Христовых өткөндөн кийин каза болгон. Кожоюну священниктерди чакырткан. Тажыяга Прокопияда жашаган христиандардын баары келишкен. Үч жылдан кийин анын Бузулбаган кубаты алынган жана Георгия жергесиндеги храмга жеткирилген. Жаңы ыйыкты православдар гана эмес, армяндар жана түрктөр дагы урматтай башташкан. 1881-жылы кубаттарынын бир бөлүгү Афондогу орустун Пантелеимон монастырына көчүрөлгүн. Башка бөлүгү 1924-жылы Эвбия аралындагы ыйык Иоан Русский храмына которулган, ал жерде бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. Ыйык кубаттарга жалпы Грециядан зыяратчылар агылып келип турушат. Көпчүлүк ыйык Иоан молитвенник жана орус жеринин коргоочусу деп аташат.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.