Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Литургия менен жаңы 2019-жылды тосуп алуу

  31 декабря 2018   На русском
Встреча Нового 2019 года за Божественной литургией в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 1-январына караган түнү Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун Алексеев приделинде майрамдык Кудайга сыйынуу литургиясы аткарылды. Кудай храмында эски жылды узатып жана жаңы жылды тосуу үчүн 30 чамалуу адам келди, айрымдар башталган жылдын алгачкы көз ирмемдеринде Ыйык Христ Сырларына жакын болууну чечишти. Литургия аяктагандан кийин даңктоо сөзү айтылды, анда Христ чиркөөсү Ыйык рухту урматтоого чакырды.

Улуу урматтуу аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов жана архимандрит Петр Путиёв.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин епископ Даниил келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды.

Башчы келгендерди Ыйык Тартууну кабыл алуу менен куттуктап жана собордук сыйынуу үчүн ыраазычылык билдирди. «Азыр Рождество постунун акыркы күндөрү өтүп жатат. Бул абдан катуу пост, бирок муну менен катар биз өзүбүздү руханий жана дене бой кубанычынан ажыратпайбыз, биз аны Кудайга сыйынуу литургиясы убагында гана толук сезе алабыз. Бүгүн кудайга сыйынуу үчүн келгендердин баарына – дин кызматкерлерине, хорго жана сиздерге урматтуу ага-инилер жана эже-карындаштар ыраазычылык билдирем. Бүгүн сыйынуу менен биз кийинки жылга Ыйык Рухтун жыргалчылыгын сурадык. Жаңы жыл түнү майрамдык дасторкондун ордуна собордо сыйынууну каалагандарга терең ыраазычылык билдирем. Адамдын жашоосунун маңызы бир багытта гана – жан дүйнөнү куткарууга, Ыйык Рухту издөөдө жана Түбөлүк Жашоого ээ болууда турат. Бул жашоодо башка маани жок. Дагы бир ирет баарыңыздарга ыраазычылык билдирем жана Жараткан ар бириңиздерге ырайым кылуусун өтүнөм. Майрамыңыздар менен!»




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.