Биздин кудайыбыз Иисус Христтин Туулган күнү. Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Литургия өткөрдү

  07 января 2019   На русском
Рождество Господа нашего Иисуса Христа. Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 6-январынан 7-январына караган түнү, Жараткан Иисус Христтин туулган күнүндө, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Майрамдык Литургияда Улуу Урматтуу Аны менен катар кызмат өтөгөндөр: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун ачкыч кармоочусу архимандрит Петр (Путиёв), собордун клириктери.

Запричастие ырында Москва жана Орусия ыйык Патриархы Кириллдин кайрылуусу окулду.

Түнкү литургиянын соңунда Бишкек епархиясынын башчысы дин жолундагы кишилерди Христостун Туулган күнү менен куттуктады:

“Православ христиандарынын улуу салтанаты – биздин Кудайыбыз Иисус Христтин Туулган күнү. Кудайдын даңкында эмес, падышанын даңкында эмес, адамдын даңкында эмес, бирок тынчтыкта жана жакырчылыкта бул азаптуу дүйнөгө Кудайдын баласы келди. Ага татыктуу орун да табылган эмес – Кудай үңкүрдө төрөлгөн. Бирок бул Рождество бизге Вифлеем жылдызын, Периштелерди берген, аны койчулар жар салышкан, аз өтпөй үңкүргө волхвалар тартуу алып келе башташкан: Кудай катары, Ыйык дин кызматкери катары, Киши катары алтын, күмүш тартуулашкан.

Кудай өзүнүн төрөлүшү менен, кийин тирилиши менен бизди эң жаман туткундан, биз төрөлгөндөн тартып тамга катары басылган күнөөдөн куткарат. Ошол замандан бери кишилер өкүнүү аркылуу улуу үмүткө жана бул өкүнүү аркылуу, керемет тартуулар аркылуу түбөлүк жашоого жол алат”.

Өз сөзүндө Улуу Урматтуу ар бир христианды Евангелиеде айтылгандай өркүндөөгө чакырган: “Өркүндөгүлө, биздин Асмандагы Атабыздай болгула”. Жана мындай өркүндөөнүн башкы принциби сүйүү болот. Кудай өзүнүн төрөлүшү менен киши баласына улуу сүйүүнү алып келген. “Сүйүү бул эң башкы нерсе, анын алдында баары – кичине. Жүрөгүбүздө ушул сүйүү болсун, анткени Кудай – сүйүүнүн өзү”.

Рождестволук кайрылуусун аяктап жаткан башчы Даниил дин кызматкерлерине жана чиркөөгө келүүчүлөргө ден соолук, Төрөлгөн Куткаруучунун жардамын жана Вифлеем жылдызынын алдында үңкүрдө төрөлгөн Куткаруучунун Өзүнүн Төрөлүшүнүн үлгүсү боюнча жан дүйнөнүн тынчтыгын жана бейпилдигин каалады. “Бул жылдыз биздин адашкан жашообузга жол көрсөтө берсин, биз кайда гана болбойлу – ал дайыма бизге жардам берет жана Кудайдын чындыгына алып барат. Майрамыңыздар менен!”.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.