2019-жылдын 8-январында Беловодск айылындагы Архистратиг Божий Михаил храмынын жекшембилик мектебинин тарбиялануучулары “Князь Владимир Мектеби” билим берүү мекемесинин окуучулары менен бирге Беловодск мектепке чейинки үй-интернатына барышты. Епархиянын билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн жетекчиси Андрей Кунавин балдар үйүнүн балдарын, тарбиячыларын жана жетекчилигин Христтин Рождествосу менен куттуктады. Окуучулар бий көрсөтүшүп жана рождестволук колядкаларды ырдашты. Иш-чаранын соңунда ар бир балага белек берилди.