Христтин Рождествосу боюнча седмицада Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий Кыргызстанга архипастырлык сапар менен келди. Ыйык-Воскресенск кафедралык соборундагы кудайга сыйынуу литургиясы

  10 января 2019   На русском
В Седмицу по Рождестве Христовом митрополит Ташкентский и Узбекистанский Викентий
совершил архипастырский визит в Кыргызстан. Божественная литургия в Свято-
Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 10-январында, Пятидесятница боюнча 33-седмицанын бейшембисинде, Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий менен Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Литургия өткөрүштү.

Архиерейлерге Бишкек епархиясынын дин кызматкерлери көмөк көрсөтүштү.

Заамновон сыйынуусу боюнча динчилдер Христтин Рождествосун даңазалап ырдашты. Жекшембилик сыйынуу аяктаганда Орто Азия митрополия округунун башчысы Кыргызстандын православдарына учурашуу сөзү менен кайрылып, аларды Христтин Рождествосу менен куттуктады жана ыйык Патриарх Кириллдин бата бергенин айтты. “Патриархтын жүрөгүндө Кыргызстанга болгон чоң сүйүү бар экен. Анткени 2017-жылы сиздер менен баарлашуудан Патриарх чоң ырахат жага таасир алган”. Митрополит Викентий Патриарх Кирилл дайыма Бишкек епархиясынын турмушуна кызыгып, сурап тураарын белгиледи. “Мен дайыма Кыргызстан епархиясынын жашоосунда болуп жаткан жакшы иштер жөнүндө, чоң бурулуштар, өзгөрүүлөр тууралуу айтып берип турам”, - деп баса белгиледи Митрополит. Владыка Викентий епископ Даниилге анын жетекчилиги алдында епархияда жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн ыраазылык билдирди. “Ушул собор жалпы Кыргызстандын диний жашоосунун көркөм жана улуу борборуна айланып бара жатканы кубандырат” – деди владыка. Сөзүнүн аягында митрополит Викентий Афондо тартылган улуу азап тартуучу Георгий Победоносецтин иконасын епископ Даниилге тартуулады.

Жооп сөзүндө Улуу урматтуу епископ Даниил митрополит Викентийге архипастырлык сапары үчүн, “Рождество жана Пасха майрамдарында Митрополия округунун епархияларына салтту сапар менен келип, руханий баарлашуу кубанычын тартуулап жатканы үчүн” ыраазылыгын билдирди. Митрополит Викентийге кайрылган сөзүндө епископ Даниил Ыйык Патриарх Кириллге “аталык жылуу мамилеси, Кыргызстанга жана анын жарандарына болгон Ыйык Патриархтын улуу сүйүүсү жана камкордугу үчүн” өзүнүн жана кыргызстандык православдардын атынан терең ыраазычылык билдирип коюуну өтүндү.

Епископ Даниил Первосвятителдин бардык иш-аракеттерин чын дилден колдоорун жана Москва жана жалпы Орустун ыйык Патриархына ден соолук тилеп дуба кылып тураарын белгиледи.
 









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.