Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  28 января 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 27-январында, Элүүлүктүн 35-жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, Архимандрит Петр (Путиев), протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин епископ Даниил епархиянын кайыр кылып берүүчүлөрүн:  Кобяков Сергей Анатольевичти – III даражадагы Ысык-Көлдүк Ираклий медалы менен жана Степанов Олег Петровичти – храмды көрктөндүрүүгө жумшаган эмгеги жана көрсөткөн жардамы үчүн архиерей грамотасы менен сыйлады. Андан кийин чиркөөгө келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды жана куткаруу ишинде Жаратканга ишенимди жана үмүт кылууну каалады, ошондой эле сыйынып жардам кылууну өтүндү.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.