Епископ Даниил Москванын жана бүткүл Орустун Улуу Урматтуу Патриархы Кириллди интронизациянын он жылдыгы менен куттуктады

  01 февраля 2019   На русском
Епископ Даниил поздравил Его Святейшество Патриарха Московского и всея Руси Кирилла с десятилетием интронизации

УЛУУ ДАРАЖАЛУУ, ЫЙЫК ВЛАДЫКА ЖАНА ЫРАЙЫМДУУ БИЗДИН АТАБЫЗ!

Ырыйымдуу, Өз Чиркөөсүн ойлоп, камын көргөн Кудай бизге Сиздин Первосвятителдик эмгектериңизге күбө болууну жана Улуу Урматтуу Сиз Чиркөөнүн пайдасына жүргүзүп жаткан иштериңизге Сиздин карапайым жардамчыңыз болууну бизге буйруду. Мындай кымбат баалуу белеги үчүн Баарынын эгеси Кудайды даңазалап жана балдары катары Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлеринин, монахтарынын жана бардык дин жолундагы кишилердин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан  ыраазылык билдирүү менен, баш ийип, таазим этүү менен  маарекелүү датаңыз – Сиздин Патриархтык тактыга отурган 10 жылдыгыңыз менен чын дилден чыккан куттуктоолорубузду кабыл алууңузду суранам!

Чиркөөнүн ишенимдүү уулу жана анын чыныгы кызматчысы катары Сиз “Бүткүл дүйнөгө баргыла жана жандуулардын баарына Евангелиени проповедь кылгыла” (Мк. 16:15) деп айткан Асмандагы Атабызга чыныгы берилгендиктин үлгүсүн бизге көрсөтүп келесиз.  Улуу Ыйык Даражалуу Сиздин такыбалыгыңыз биздин Чиркөөнүн канондук жоопкерчилигиндеги өлкөлөрдүн чегинен алыс  жайылып, ал эми Сиздин Кудай таануу жолундагы эмгектериңиз көптөгөн дүйнө тилдерине которулуп жатканын кубануу менен белгилеп кетким  келет.

Бүгүнкү салтанаттуу күнү жана Сиздин Первосвятителдиктин мааракелүү датасында Сизге, Улуу Даражалуу Атабызга чың ден соолук жана узак жашоо, диний кубанууларды жана Ыйык Чиркөөнүн жана көп сандаган православ калкынын келечеги үчүн Сиз өтөп жаткан Патриархтык кызматыңызга Кудайдын соолбос колдоосун сурайбыз!

Христти сүйүү менен, Сиздин ишенимдүү шакиртиңиз,

Бишкек жана  Кыргызстан епискобу




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.