Ыйык Патриарх Кириллдин интронизациясынын 10 жылдыгында Куткаруучу Христ храмында Поместный Чиркөөлөрдүн Башчыларынын жана өкүлдөрүнүн катышуусу менен Литургия өткөрүлдү

  04 февраля 2019   На русском
В 10-ю годовщину интронизации Святейшего Патриарха Кирилла в Храме Христа Спасителя совершена Литургия с участием Предстоятелей и представителей Поместных Церквей

2019-жылдын 1-февралында Москванын жана Бүткүл Орустун Ыйык Патриархы Кириллдин интронизациясынын 10 жылдыгында Орус Православ Чиркөөсүнүн башчысы Поместтик Православ Чиркөөлөрүнүн, Москва патриархынын курамына кирген автономдуу жана өз алдынча башкарылган Чиркөөлөрдүн  башчылары жана өкүлдөрү, митрополиялардын башчылары жана Орус Православ Чиркөөсүнүн архиерейлеринин сонму жана дин кызматкерлери менен бирге Москва шаарындагы Куткаруучу Христ кафедралык собордук храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Сыйынууну башкаргандар: Антиохия жана жалпы Чыгыштын Блаженнейший Патриархы Иоанн X, Москванын жана Бүткүл Орустун Ыйык Патриархы Кирилл, Серб Ыйык Патриархы Ириней, Чех жерлеринин жана Словакиянын Блаженный Митрополити Ростислав, жалпы Американын жана Канаданын Блаженнейший Патриархы Тихон.

Башчыларга көмөк көрсөткөндөр: Орус Православ Чиркөөсүнүн Ыйык Синодунун туруктуу мүчөлөрү – Киев жана жалпы Украинанын Блаженнейший митрополити Онуфрий, Крутицк жана Коломенск митрополити Ювеналий, Москва епархиясынын патриархтык неместниги; Кишинев жана жалпы Молдавиянын митрополити Владимир; Астана жана Казакстан митрополити Александр; Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий, Орто Азия митрополия округунун башчысы; Санкт-Петербург жана Ладога митрополити Варсонофий, Москва Патрархиясынын иш башкаруучусу; Минск жана Заслав митрополити Павел, Жалпы Беларусиянын Патриархтык экзархы; Волокаламск митрополити иларион, Москва Патриархатынын тышкы чиркөөлүк байланыштар бөлүмүнүн төрагасы; Чыгыш-Америка жана Нью-Йорк митрополити Иларион, Рига жана жалпы Латвиянын митрополити Александр, Таллин жана жалпы Эстония митрополити Евгений, Токио жана жалпы Япония митрополити Даниил, Орус Православ Чиркөөсүнүн архиерейлеринин собору.

Ошондой эле башчыларга Поместтик Православ Чиркөөлөрүнүн ыйык сандагы башкаруучулары жана делегацияларды жардам беришти:

  • Александрийск Православ Чиркөөсү —Триполийск митрополити Феофилакт, Москва жана Бүткүл Орус Патриархатынын алдындагы Александрийск Патриархынын өкүлү митрополит Киринский Афанасий;
  • Антиохия Православ Чиркөөсү — Москва жана Бүткүл Орус Патриархатынын алдындагы Антиохия жана жалпы Чыгыш Патриархынын өкүлү, Москвадагы Антиохия подворьесинин башчысы митрополит Филиппопольский Нифон, митрополит Аккарский Василий, Буэнос-Айрес жана жалпы Аргентина митрополити Иаков, Блаженнейший Патриарх Иоанн Х жеке катчысы архимандрит Парфений (Ал-Лати);
  • Грузин Православ Чиркөөсү—Гория жана Атенск митрополити Андрей, Никорцминдск епискобу Вахтанг, протоиерей Кахабер Гоготишвили;
  • Серб Православ Чиркөөсү — Бачск епискобу Ириней, Сербия Ыйык Патриархынын викарийи, Серб Православ Чиркөөсүнүн Москвадагы  подворьесинин башчысы епископ Моравичский Антоний, Сербия Ыйык Патриархынын викарийи, Белграддагы святитель Савва соборунун ачкыччысы епископ Ремезьянский Стефан, Бачск епархиясынын викарийи епископ Мохачский Исихий, Бачск епархиясынын катчысы протоиерей Владан Симич;
  • Румын Православ Чиркөөсү —Тырговиштск митрополити Нифон, протоиерей Адриан Гибану, священник Евгений Роготи;
  • Болгар Православ Чиркөөсү— Старозагорск митрополити Киприан, митрополит Видинский Даниил, Москва жана Орус Патриархатынын алдындагы Болгар Патриархатынын өкүлү архимандрит Феоктист (Димитров), архимандрит Анфим (Маноилов), священноэконом Цветан Иванов, протоиерей Живко Желев;
  • Польша Православ Чиркөөсү—Люблинск жана Холмск архиепискобу Авель, протоиерей Георгий Лукашевич;
  • Чех жерлеринин жана Словакиянын Православ Чиркөөсү— Михаловск-Кошицкий  архиепискобу Георгий, Прага архиепискобу  Михаил, Москвадагы Чех жерлеринин жана Словакиянын Православ Чиркөөсүнүн подворьесинин башчысы архимандрит Серафим (Шемятовский), Москвадагы Чех жерлеринин жана Словакиянын Православ Чиркөөсүнүн подворьесинин катчысы иеромонах Александр (Галушка);
  • Америкадагы Православ  Чиркөөсү — Сан-Францисско жана Батыш-Америка епархиясынын викарийи Санта-Роз епискобу Даниил, Америкадагы Православ Чиркөөсүнүн иш башкаруучусу протоиерей Александр Рентель, Москва жана Бүткүл Орус Патриархатындагы Америка Православ Чиркөөсүнүн өкүлү протоиерей Даниил Андреюк;
  • Япон Автономдуу Православ Чиркөөсү— Сендайск архиепискобу Серафим, Япон Православй Чиркөөсүнүн клириги архимандрит Герасим (Шевцов), Токиодогу Орус Православ Чиркөөсүнүн подворьесинин клириги Иоанн Нагая.

Бирге сыйынгандардын арасында булар болушту: протопресвитер Владимир Диваков, Москва жана Бүткүл Орус Патриархатынын Москва шаары боюнча катчысы; протоиерей Михаил Рязанцев, Москва шаарындагы Куткаруучу Христ храмынын ачкыччысы; протоиерей Николай Балашов, тышкы чиркөөлүк байланыштар бөлүмүнүн төрагасынын орун басары; архимандрит Филарет (Булеков), тышкы чиркөөлүк байланыштар бөлүмүнүн төрагасынын орун басары;  архимандрит Александр (Елисов), Иерусалимдеги Орус диний миссиясынын начальниги; Орус Православ Чиркөөсүнүн Болгар Патриархатындагы өкүлү; архимандрит Савва (Тутунов), Москва Патриархатынын иш башкаруучусунун орун басары; игумен Арсений (Соколов), Москва жана Бүткүл Орус Патриархатынын Антиохия жана жалпы Чыгыш Патриархатындагы өкүлү; протоиерей Виталий Тарасьев, Белград шарындагы Орус Православ Чиркөөсүнүн подворьесинин башчысы; Москва Патриархатынын синоддук мекемелеринин жана чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн ыйык сандагы башчысы, эркектердин монастырларынын наместниктери жана башчылары, Москва шаарынын Епархиялык кеңешинин мүчөлөрү, Москва епархиясынын жана Орус Православ Чиркөөсүнүн дин кызматкерлери.

Куткаруучу Христ Храмынын алтарында Москва жана Бүткүл Орус Патриархатындагы Иерусалим Патриархатынын өкүлү архимандрит Стефан (Диспиракис) сыйынып турду.

Сыйынууга төмөнкүлөр дагы катышты: Россия Федерациясындагы Апостолдук нунций Челестино Мильоре; Армян Апостолдук Чиркөөсүнүн тышкы чиркөөлүк байланыштар бөлүмүнүн төрагасы архиепископ Езник жетектеген Армян Апостолдук Чиркөөсүнүн делегациясы; Дүйнөлүк чиркөөлөр кеңешинин (ДЧК) Башкы катчысы доктор Олаф Фюкс Твейт жетектеген ДЧК делегациясы; Кытай Элдик Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгынын өкүлдөрү У Гошэн жана Хао Жуньнань.

Ошондой эле сыйынууга төмөнкүлөр катышты:  Санкт-Петербург губернаторунун м.а. А.Д. Беглов, РФ ФЖ Мамлекеттик думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Л.Э. Слуцкий, РФ ФЖ Мамлекеттик думасынын Жарандык коомду өнүктүрүү, коомдук жана диний бирикмелер маселелери боюнча комитетинин төрагасы С.А. Гаврилов, РФ ФЖ Мамлекеттик думасынын депутаты, Москва шаарынын мэринин кеңешчиси, Москва жана Бүткүл Орус Патриархынын курулуш маселелери боюнча кеңешчиси В.И. Ресин, Россиянын мамлекеттик жана коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү.

Куткаруучу Христ храмында монастырлардын игумендери жана игуменьялары, социалдык мекемелердин кызматкерлери, дин кызматчылары, православ жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, көптөгөн дин жолундагы кишилер сыйынып жатышты.

Кудайга сыйынуучу ырларды Куткаруучу Христ Храмынын Патриархтык хору (регент И.Б. Толкачев) жана Ыйык-Торицк Сергиев лаврынын бир туугандар хору (регент архимандрит Глеб (Кожевников)) аткарып турушту.

Сыйынууну “Спас” жана “Союз” телеканалдары түз эфирден көрсөтүп турушту. Сыйынуу ошондой эле Орус Православ Чиркөөсүнүн Патриархия.ru. сайтында түз көрсөтүлдү. Түз көрсөтүүнү Москва Патриархатынын кызматкери Н.И. Державин коштоп, баяндап берип жатты.

Сугубо ектенияда Православ Чиркөөсүнүн ынтымагы жана Чиркөөнү бөлүнүп-жарылуудан сактап калуу жөнүндө суранып жатышты.

Сугубо ектенияга ошондой эле учурда урмат-сый көрсөтүлүп жаткан Москва жана Бүткүл Орус Ыйык Патриархы Кирилл жөнүндө өзгөчө дуба айтылып турду.

Сугубо ектениядан кийин Крутицк жана Коломенск митрополити Ювеналий Орус Православ Чиркөөсүнүн Башчысына арналган дуба окуду.

Андан кийин Ыйык Патриарх Кирилл Украинага тынчтык тилеп дуба окуду.

Кудайга сыйынуу литургиясынын дубалары Чиркөө-славян, араб жана англис тилдеринде окулуп жатты.

Причастиенин алдында Москва Патриархатынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси, Вена жана Будапешт архиепискобу Антоний проповедь айтты.

Литургиянын соңунда Москва жана жалпы Орустун ыйык Патриархы Кириллдин интронизациясынын 10 жылдыгы менен Антиохия жана жалпы Чыгыш Блаженнейший Патриархы Иоанн X куттуктады. Антиохия Православ Чиркөөсүнүн Башчысы Ыйык Патриархка Дамаск шаарында даярдалган Патриархтык жезл туартуулады.

Киев жана Украина Блаженнейший митрополити Онуфрий Орус Православ Чиркөөсүнүн Ыйык Синодунун мүчөлөрүнүн Ыйык Патриарх Кириллге жолдонгон куттуктоосун окуп берди жана Ыйык Синоддун атынан Орус Православ Чиркөөсүнүн Башчысына эстелик белектерди – предносной крестти жана эки панагиядан жана шакек кресттен турган комплектти тартуулады.

Москва жана Бүткүл Орус Ыйык Патриархы Кирилл сыйынуунун катышуучуларына Первосвятителдик сөзү менен кайрылды.

Москва жана бүткүл Орус Патриархатынын маалыматтык-кызматы

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости