Сосновкада ыйык азап тартуучу Димитрий Солунский атындагы храм ачылды

  10 февраля 2019   На русском
В Сосновке совершен Чин Великого освящения храма во имя великомученика Димитрия Солунского

2019-жылдын 10-февралында, Пятидесятница боюнча 37-седмицада, Орус Чиркөөсүнүн жаңы азап таруучуларынын жана исповедниктеринин соборун майрамдоо күнү Сосновкада ыйык азап таруучу Димтрий Солунский атындагы храм ачылды. Улуу освящения Чинин Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил жүргүздү.

Майрам башкаруучу архиерейди тосуп алуу менен башталды. Кириш дуба окулганда епископ Даниил чогуу сыйынган дин кызматчылары менен бирге храмдын алтарында престолду улуу освящение жүргүздү. Освящение чини аяктаганда азап таруучунун кубаттары менен кресттүү жүрүш жасалды, андан кийин алар престолдун алдына коюлду. Андан соң Улуу урматтуу дин жолундагы кишилерди ыйык суу менен ысырыктап, Кудайга сыйынуу Литургиясын өткөрдү.

Епископ Даниилге Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын бардык благочиндиктеринин дин кызматкерлери көмөк көрсөтүп турушту.

Литургия бүткөндөн кийин владыка Даниил храмдын башчысы Александр Мезенцевди жана храмдын прихожандарын майрамы менен куттуктады жана бул окуя тууралуу эстелик иретинде евхаристикалык идиштерди белекке берди. Андан кийин сыйлыктар тапшырылды.

I даражадагы преподобный Ираклий Ысык-Көлдүк медалын алгандар:

Ыйык азап тартуучу Димтрий Солунский храмынын башчысы проториерей Александр Мезенцев, ыйык праведный Иоанн Кронштадтский храмынын башчысы протоиерей Андрей Борисенко.

II даражадагы преподобный Ираклий Ысык-Көлдүк медалын алгандар:

Желябина Татьяна Николаевна, Плутицкий Сергей Ефимович.

III даражадагы преподобный Ираклий Ысык-Көлдүк медалын алгандар:

Беседин Евгений Сергеевич, Шеховцева Елена Александровна, Вахриченко Ирина Витальевна, Яговкина Наталья Николаевна, Владимиров Юрий Викторович.

Архиерейдин грамотасы ыйгарылгандар:

Легушин Александр Петрович, Мащенко Наталья Вадимовна, Евтеева Людмила Иосифовна, Потехин Денис Олегович, Шушпанова Нелля Алексеевна, Петренко Надежда Павловна, Старосек Геннадий Дмитриевич, Исмаилова Любовь Ивановна, Литвинов Олег Иванович, Плутицкая Ксения Сергеевна, Куприн Владимир Геннадьевич, Поважный Сергей Ильич, Крякина Ирина Владимировна.

Ыраазылык каты Петручик Василий Васильевичке тапшырылды.

Тарыхий маалым-кат:

Жергиликтүү тургунардын айткандары боюнча, Сосновкадагы храм XX кылымдын башында куралган. Кийин аны большевиктер бузуп салышкан. Храмда кызмат өтөгөн священниктер туралуу маалымат сакталып калган эмес, ал эми храмдын аймагында окуу-өндүрүш комбинаты жана бир катар майда конторалар жана мекемелер иштеп турган.

Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында айылдын тургундары храмдын аймагын динге ишенген кишилердин жамаатына кайтарып берүүгө аракеттене башташкан. 1992-жылдын 9-мартында ал прихожандарга кайтарылып берилген. Участокто чакан үй жана мурдагы мектеп чеберканаларынын имараттары бар болчу. Жаңы храм курууга акча каражаты жок болгондуктан, мектеп чеберканасы храмга ылайыкташтырылган жана 1996-жылдан тартып ал жерде сыйынуу жүргүзүлө баштаган.

Акырындык менен приходдун турмушу калыпка түшө баштаган. Храмдын аймагын көрктөндүрүп жана жашылдандыруу менен жамааттын катары көбөйө баштаган. Кудайга сыйынуу жүргүзүлүп, жаштар жана балдар менен иш жүргүзүлө баштаган. 2010-жылы храмдын алдындагы жекшембилик мектептин курулушу башталган.

2012-жылы коңгуроо курула баштап, 2016-жылдын 26-майында коңгуроо жана коңгуроокана освящение болгон.

2018-жылдын 11-февралында ЖККУнун “Кант” аба базасындагы Александр-Невский храмынын башчысы храмга ыйык жаңы азап тартуучу Димитрий Солунскийдин кубаттары салынган иконаны таруулаган.

2018-жылдын 21-ноябрында, Архистратиг Божий Михаил жана башка асман күчтөрүнүн Соборун майрамдоо күнү, курулуш менен таанышып чыккан Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил храмга освящение өткөрүлө турган күндү белгилеген – 2019-жылдын 10-февралы.

Епархиялык бөлүмдүн жетекчилери жана кызматкерлери Сосновка айылындагы православ христиандарды белгилүү окуя – ыйык жаңы азап тартуучу Димитрий Солунский атындагы жаңы храмдын ачылышы менен куттукташат!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.