В Бишкек епархиясында вокалдык музыканын концерти болду

  01 марта 2019   На русском
В Бишкекской епархии состоялся концерт вокальной музыки

2019-жылдын 28-февралында  Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун диний-агартуу борборунун жыйындар-залында борбор шаардын кесипкөй музыкалык жамааттарынын катышуусунда вокалдык музыканын концерти болду. Бул жылы Чиркөө ыры бөлүмү епархиянын чиркөөлөрүнүн хорлорунун кесипкөй деңгээлин жогорулатуунун үстүнөн иштөөнү улантып жатат, ошондуктан мындай концерттерди уюштуруу епархиянын жакшы салты болуп калды.

№5 мектеп интернаттын балдарынын вокалдык ансамбли менен музыкалык жолугушуу көрүүчүлөрдү жаш вокалчылардын мекенчил жана аскердик, ошондой эле балдарга арналган ырлары менен кубантышты. Алтынбек кызы Аянанын согуш тууралуу монологу кишилерге терең таасир калтырды. Кыргыз Улуттук Консерваториясынын Элдик хорунун аткаруусунда кыргыз композиторлорунун чыгармаларды жаңырды. Жыйынды хордун аткаруусундагы А. Мураделинин “Гүлдөй бер Кыргызстаным” ыры концерттин көңүл көтөргөн жыйынтыктоочу финалы болду.

Жамааттардын окутуучусу жана жетекчиси, көп жылдан бери Архиерейлик хордун ырчысы болуп эмгектенип келген Койчуманов Жолдобек Аманбаевичтин жогорку кесипкөйлүгүн белгилей кетүү керек. Концерттин жетекчисине, катышуучуларына, ошондой эле ыйык князь Владимир православдык гимназиясынын директору Аристова Светлана Ивановнага, епархиялык билмм берүү жана маалыматтык-басылма бөлүмдөрүнө чын дилден чыккан алкышыбызды билдиребиз.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.