2019-жылдын 14-мартында, Улуу посттун биринчи жумасында, бейшембиде түштөн кийин, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда ыйык Андрей Критскийдин Улуу тобо кылуу канонунун акыркы бөлүгүн окуду.
Андрей Критскийдин тобо кылуу канону анда камтылган ойлордун жана эскерүүлөрдүн көптүгү боюнча, ошондой эле анда камтылган тропарлар саны – болжол менен 250 тропарь боюнча дагы Улуу деп аталган.
Посттун биринчи жумасында окуу үчүн канон күндөр боюнча төрт бөлүккө бөлүнөт. Шаршембиде жана бейшембиде Улуу канонго терең руханий кулоодон жогорку такыбалыкка келген ыйык Египеттик Мариянын урматына бир нече тропарь кошулат. Улуу канон анын жаратуучусу – ыйык Андрей Критскийдин урматына тропарлар менен аяктайт.