2019-жылдын 15-мартында, Улуу посттун 1-жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда мурда жарыктандырылган тартуулар литургиясын аткарды жана коливого касиет киргизди.
Улуу урматтуу менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Петр (Путиев), протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой, иерей Андрей Андреев, иерей Владимир Кусаинов, иерей Владимир Ступников.
Маалымдама: Улуу Посттун биринчи жумасынын жума күнү кечки сыйынуудан жана мурда жарыктандырылган тартуулар литургиясын аткаруудан кийин храмдарда ыйык улуу азап чегүүчү Феодор Тирондун молебен канону аткарылат жана анын урматына коливо – бал менен бышырылган күрүчкө керемет киргизилет. Бул майрам төмөндөгү окуяга байланыштуу белгиленет.
362-жылы грек императору Юлиан Отступник христиандарды шылдыңдоо үчүн Антиохия базарында сатылган бардык желе турган азыктарга бутпараска курмандык кылынган канды жашыруун себелеп коюуну буйрук кылат.Христиан динин жээриген адам мындай жол менен Улуу Посттун биринчи жумасында катуу пост кармаган динге ишенгендерди мазактоону каалаган. Бирок 306-жылы Христостун динин тутканы үчүн өрттөлгөн улуу азап чегүүчү Феодор епископ Евдоксиянын түшүнө кирет, Юлиандын бул буйругу тууралуу айтып берет жана мазакталган тамактын ордуна бир жума коливо жеп турууну кеңеш кылат.
Улуу Посттун биринчи жумасынын аягында Христос Чиркөөсүнүн бардык мүчөлөрү тобо кылышат жана ыйык Христос Сырларына жуурулушуп кошулат. Тобо кылуу сырына киришкен адам аналойдо тобо кылып жаткан дин кызматкерине келип жана өзүнүн кылган күнөөсү үчүн тобо кылат. Аналойде Кудайдын өзүнүн көрүнбөгөн катышуусун символдоштуруп Крест жана Евангелие жатат, мында дин кызматкери бул Сырдуулукта күбө гана болуп саналат. Дин кызматкери адамдын чын жүрөктөн тобо кылуусун көрүп, ага ийилген башына епитрахилдин учун коет жана Иисус Христтин өзүнүн атынан анын күнөөлөрүн кечирүү менен чечүүчү сыйынууну окуйт жана аны крест туусу менен каптайт. Крестти жана Евангелиени өөп, тобо кылуучу адам Ыйык Христос Сырларына причащениеге дин кызматкеринен бата алат.