Округдун епархияларынын архипастырлары ыйык Луканын руханий Мекенинде мурда жарыктандырылган тартуулар Кудайга сыйынуу литургиясын аткарышты

  22 марта 2019   На русском
Преосвященные архипастыри епархий Округа совершили Божественную литургию Преждеосвященных Даров на духовной Родине святителя Луки

2019-жылдын 18-мартында, Ташкент шаарындагы Ыйык-Успенск кафедралык соборунда Мурда жарыктандырылган Тартуулар Кудайга сыйынуу литургиясы аткарылды. Бул күнү Орус Православ Чиркөөсү Симферополь жана Крым архиепискобу ыйык Луканын (Войно-Ясенецкий) күч-кубатка ээ болуу окуясын эскеришет, ал ХХ кылымдын башында Ташкент жана Түркестан епархиясынын башкаруучу архиерейи болгон.

Литургияны Орто Азиялык митрополиттик округдун башчысы Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий Пятигорск жана Черкесс архиепискобу Феофилакттын, Түркменистандагы Орус Православ Чиркөөсүнүн Патриархтык приходдорунун убактылуу башкаруучусунун, Дүйшөмбү жана Тажикистан епискобу Питиримдин, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин, ошондой эле Ташкент епархиясынын клириктеринин тең катышуусунда ыйык санда аткарды.

Литургия аяктагандан кийин ыйык Луканы даңктоо ыры ырдалды, андан кийин ыйык архипастырлар динге ишенген адамдарга насыят сөзү менен кайрылды. Өз сөзүндө митрополит Викентий деп белгиледи:

«Ал улуу сабырдуулуктун жана өзүнүн Христоско ишениминин аркасында жетишкен Кудайдын жыргалчылыгын бүткүл дүйнөдөгү адамдар менен бөлүшөт. Албетте, биз бул жерде, Ташкентте, ал Ташкент жана Түркестан титулу менен башкаруучу архиерей болгонуна кубанычтабыз. Анын биринчи кафедрасы дал ушул кафедра болгон.

Бул кафедра ал үчүн өзгөчө кымбат болгон деп ойлойм, себеби ушул жерде өзүнүн пастырлык кызматын баштаган, ал ийгиликтүү дарыгер, профессор, белгилүү хирург болгон. Бирок ошол эле убакта ал жан дили менен Православ Чиркөөсү үчүн күйгөн чыныгы динге терең ишенген адам болгон. Аны куугунтуктоо, басмырлоо жана кемсинтүү күтүп жатканына карабастан, ошондой эле бул жашоонун көптөгөн кыйынчылыктарына чыдап, ал Православ Чиркөөсүн коргоо үчүн, дин кызматкери, архиерей болууну чечет.

Биз, биздин ыйык Луканын руханий балдары, анын руханий тукуму катары, ал оор убакта Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан аймагында канондук Православ Чиркөөсүн коргогону үчүн ыраазыбыз, анткени ал бүтүндөй ушул аймак үчүн жооп берген епископ болгон.

Ыйык Луканын урматына уюштурулган бул майрамга биздин ыйык инсанды зор жыйынтыкка жана жемишке ээ болгон жасаган эмгегин даңктоо үчүн биздин Ортоазиялык митрополиттик округдун бардык архиерейлери келгенине кубанычтабыз.

Биздин епархияда, биздин Округда ушундай бүткүл дүйнөгө белгилүү ыйык инсандын бар экени чоң сыймык. Биз аны эскерип, аны урматтап жана сыйынуу, андан өтүнүү үчүн ага тезден келип турушубуз керек, ал сөзсүз биздин өтүнүчтөрдү аткарат».

 

Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын пресс-кызматынын маетриалдары боюнча




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.