13-апрелде Орус жергесиндеги Бардык Ыйыктар соборунда Горненск обителинде ееленопольский митрополити Иоаким Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин, Яранск жана Луза еписобу Паисийдин, Орус Диний Миссиясынын начальниги архимандрит Александрдын (Елисов), Иерусалим Патриархатынын, Орус Диний Миссиясынын дин кызматкерлеринин жана ыйык сандуу дин кызматкерлеринин жардамы менен Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү
Литургияга Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлери - архимандрит Пётр (Путиёв)жана протоиерей Сергий Чувички катышты.
Сыйынуу аяктаганда дин кызматкерлери жана сыйынган кишилер майрамдык тамакка чакырылды.
Пречистая Дева Марияны ыйык такыба Елисавета менен тосуу майрамы 1883-жылы Иерусалимдеги Орус Диний Миссиясынын начальниги архимандрит Антонин (Капустин) тарабынан белгиленген, ал өзү Өбүү майрамынын чинин түзгөн жана аны Ыйык Синод тарабынан бекитүүгө жетишкен.