Епископ Даниил епархиянын дин кызматкерлери менен бирге Ыйык Жерге зыярат сапарына барат

  12 апреля 2019   На русском
Епископ Даниил со священниками епархии совершает паломническую поездку по Святой Земле

Москва жана жалпы Орус Патриархы Кириллдин батасы менен Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун ачкыччысы  архимандрит Петр (Путиёв) жана  Ыйык Троица храмынын башчысы сергий Чувичкин менен бирге Ыйык Жерде зыярат сапары менен жүрүшөт.  

12-апрелде Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын, ошондой эле Яранск жана Луза епархиясынын иерархтарынан турган зыяратчылардын тобун Иерусалимдин Патриархы Феофилдин резиденциясында расмий кабыл алууда болушту. Зыяратчылар менен маектешкен убакта патриарх Феофил Иерусалим епархиясынын жалпы христиандык  миссиясын, аны Христ өзү негиздегенин, жалпы дүйнөдөгү көп сандаган зыяратчыларды куткаруу ишиндеги миссиясы жөнүндө айтып берди. Патриарх Феофил епископ Даниилге жана епископ Паисийге сапар тартып Ыйык Жерге келгени үчүн ыраазылык айтты жана эстелик панагияларды тартуулады жана Израилге зыярат кылууга батасын берди.

Патриах менен жолуккандан кийин кыргыз жана орус зыяратчыларынын делегациялары Масличный (Елеонск) тоосуна барышты, ал жерде чакан Галилейде иерусалим патриархтары коюлган жерде лития өткөрүлдү. Ошондой эле Кыргызстандын жана Россиянын дин жолундагы кишилери берип жиберген катардагы көзү өткөндөрдүн аттары аталды. Андан кийин зыяратчылар Вознесения Господня ордуна барышты, ал жерде кыскача молебен жасалды жана Кудай Эненин Табытынын жанында Ыйык Кудай Энеге  даңаза айтылды. Андан кийин Ыйык Девага «Радуйся Невесто Неневестная» акафисти окулду. Андан ары делегация ыйык алгачкы азап тартуучу Стефан монастырына барып, ал кыйналып кайтыш болгон орунга кыскача молебен өткөрүлдү.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.