Регенттердин жана ырчылардын X окуу-билим берүү семинары

  15 апреля 2019   На русском
X Учебно-образовательный семинар регентов и певчих

14-апрелде Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын руханий-агартуу борборунун конференц-залында регенттердин жана ырчылардын X Окуу-билим берүү семинары өттү. Семинардын катышуучуларына амандашуу сөзү менен билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Андрей Кунавин кайрылды. Ал ырчыларга периште чини менен бирге Жаратканга кызмат кылыша турганын эскертти жана ийгиликтүү иштөөнү каалады. Семинарда биринчи жолу биздин епархияда жетишсиз болуп жаткан эркектердин хорунун актуалдуу көйгөйлөрү козголду. КГНК аспиранткасы Фисенко Евгения угуучуларды Троице-Сергиева Лавранын эркектер хорунун салттары жана архимандрит Матфей Мормылдын өмүр баяны менен тааныштырды. Семинарда Минск эркектер хорунун, Почаев лаврынын Боордоштор хорунун ж.б. аткаруусунда Ыйык жана Пасха жетилигинин ырларын аудио жана видеожазууда көрсөтүлдү. Семинар жыйынды эркектер хорун түзү боюнча практикалык иш менен аяктады, аны КГНК профессору, Кант шаарындагы Кудай Эне Жабуусу храмынын регенти Нарынбаев Елисавет жана Чиркөө ыры бөлүмүнүн жетекчиси Цуркан  Н.Д. өткөрүштү.

Семинарга катышкандарга ыраазычылык билдиребиз.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.