2019-жылдын 20-апрелинде, Ваий жумасында, Лазарь ишембисинде, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу Литургиясын аткарды.
Улуу урматтуу Аны менен Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын бардык благочиния дин кызматкерлери кызмат өтөштү.
Салт болгондой, Улуу пост убагында дин кызматкерлерин патриарх жана архиерей сыйлыктары менен сыйлашат. Кудайга сыйынуу литургиясында епископ Даниил патриарх сыйлыктары менен сыйлады:
Протоиерей Виктор Реймгенди, Архистратиг Ыйык Михаил храмынын башчысы (Ош ш.) – «Иже Херувимы…» боюнча ачылган Падыша Дарбазасы аркылуу Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрүү укугу менен;
Протоиерей Игорь Дроновду, Ыйык Кудай Эне Рождествосу храмынын башчысы (Ленин а.) - «Иже Херувимы…» боюнча ачылган Падыша Дарбазасы аркылуу Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрүү укугу менен;
Протоиерей Андрей Борисенкону, ыйык такыба Иоанн Кронштадтский храмынын башчысы (Манас а.) - кооздуктары менен крестти тагынып жүрүү укугу менен;
Протоиерей Александр Белоусовду, Ыйык Кудай Эне Жабуусу храмынын башчысы (Таш-Дөбө а.) - кооздуктары менен крестти тагынып жүрүү укугу менен;
Протоиерей Александр Мезенцевди, ыйык улуу азап чегүүчү Димитрий Солунский храмынын башчысы (Сосновка а.) – күрсү алып жүрүү укугу менен;
Протоиерей Николай Бичевди, ыйык Николай Чудотворец храмынын башчысы, (Панфиловка а.) – күрсү алып жүрүү укугу менен;
Иерей Георгия Черемушкинди, Ыйык Кудай Эне Жабуусу храмынын башчысы (Григорьевка а.) – күрсү алып жүрүү укугу менен.
Архиерей сыйлыктарына татыктуу болушту:
Иерей Никита Чебуков, Ыйык-Воскресенск соборунун клириги - камилавка кийип жүрүү укугу менен;
Иерей Андрей Андреев, Ыйык-Воскресенск соборунун клириги – камилавка кийип жүрүү укугу менен.
Кудайга сыйынуу литургиясы аяктагандан кийин башчы Даниил чиркөөгө келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды, анда Жараткан Иисус Христтин Төрт күндүк Лазарды кайра жаратуу керемети жөнүндө жана бул улуу окуянын руханий мааниси жөнүндө айтып берди.
Андан кийин дин кызматкерлери, Архиерей хорунун ырчылары жана чиркөөгө келгендер епископ Даниилди Тезоименитство күнү менен куттукташты жана архиерейге узак өмүр тилешти.