2019-жылдын 21-апрелинде, Жараткан Иерусалимге кирген майрамда, Кызыл тал жекшембисинде, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу Литургиясын аткарды.
Улуу урматтуу башчыга собордун дин кызматкерлери жардам беришти.
Сыйынуудан кийин башчы көп сандаган чиркөөгө келген адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылды
“Бүгүн биз Кудай Иерусалимге эркин кирген даңазалуу күндү эскерип жатабыз. Кудай жалпы адамзатынын тукуму үчүн азап тартуу үчүн бул калаага улуу момундук менен кирген. Эл аны салтанаттуу кабыл алган, адамдар анын жолуна гүл, кийимдерин төшөгөн. Бирок бул эл Кудайды Жердеги Падыша катары кабыл алган, ал эми Асмандагы Падышалыктын насаатына эч ким кулак салган эмес.
Кудайды тосуп алган адамдар өздөрүнүн текеберчилигинен улам сүйүүнү көрө алышкан эмес, Кудайды тааный алышкан эмес, Христтин насаатынан өздөрүнө куткаруу болоорун көрө алышкан эмес. Ошондуктан, бир нече күндөн кийин ушул эле адамдар Кудайды жазалоого алып барышкан. Ушул адамдар Понтий Пилатты өтө оор кылмыш жасоого көндүрөт. Бирок, бул окуяга ар кандай адамдар тартылган. Алардын арасында алгачкы христиандар – апостолдор дагы, Христ үчүн азап чегүүчүлөр дагы, мироносица аялдар дагы болгон. Асман Падышасын көргөн, Кудайдын осуяттарын өз жүрөктөрүнө кабыл алыган адамдар болгон. Бул аркылуу улуу түйүлдүк жаралып жана түбөлүк жашоо үчүн куткарылышкан.
Жараткандын Иерусалимге кирүүсү – бул бир эле убакта кубанычтуу дагы, кайгылуу дагы окуя. Биз Христтин алдыдагы азап чегүүлөрүнө капа болобуз, бул азап чегүү менен биз куткарылганыбызга кубанабыз. Бүгүнкү күндө, 2000 жыл мурдагыдай эле, биз Христти аза чегүүгө коштоп барабыз. Бүгүн улуу окуянын урматына керемет киргизиле турган бул кызыл талдын бутактары – биздин куткаруучуга болгон сүйүүбүздүн бир бөлүгү. Бирок, биздин Жаратканга болгон анык сүйүүбүз биз күнөөлөрдөн жана кумардануудан арылып жана өзүбүздү көнгөн нерседен ажыратуу менен, өз өмүрүбүз менен бул азап чегүүдөн Аны менен бирге өтүбүздө турат. Биз киришкен бул Кумардуу жумада биздин жүрөктөрүбүз, биздин ойлорубуз, биздин жоруктарыбыз Аны менен бирге болушу керек. Биз Аны менен бирге крестке барышыбыз керек. Таттууну азайтып, рахаттанууну азайтып, бирок өзүңдү бардык нерседен чектеп жана көңүл коюп сыйынууга жана Жаратканга ыраазычылык айтууга жакындоо керек. Биз жүрөгүбүздү жана өмүрүбүздү Кудайдын сүйүүсүнө толтурушубуз керек. Айланаңызды караңыз – балким кимдир бирөө жардамга муктаждыр, балким кимдир бирөөнү тамактандыруу керек, жакшы сөз менен колдоо керек? Апостоль Павелдин Коринфяндарга кайрылуусундагы сүйүү тууралуу сөздөрүн окуңуз. Сүйүү деген эмне? Ал кандай? “Сүйүү узакка чыдайт, жакшылык кылат, сүйүү ичи тардык кылбайт, сүйүү мактабалбайт, сыймыктанбайт, бейбаштык кылбай, өзүнүкүн издебейт, кыжырданбайт, жаман ой ойлобойт, калпка кубанбайт, чындыкка маашыр болуп кубанат; баарын коргойт, баарына ишенет, баарына үмүт артат, баарына чыдайт. Сүйүү эч качан токтобойт...” (Кор. 13, 4-8). Биз өзүбүздө ушундай сүйүүнү өстүрүшүбүз керек. Жүрөгүңүзгө, оюңузга байкоо салыңыз. Текшерүү эрежесин карманыңыз – мен акыркы саатта эмне тууралуу ойлондум, кандай сезимдер менен жашадым, сүйдүмбү же жек көрдүмбү, Кудайды даңктадымбы же ушак айттымбы. Ушундай жол менен биз Жараткан мененбизби же жокупу түшүнөбүз. Биздин жүрөк Христ үчүн ачыкпы же кумарданууга жана кемчиликтерге ачыкпы түшүнөбүз. Жаратканга карап, биз Андан, Анын момундугунан, Анын сүйүүсүнөн, Анын кечиримдүүлүгүнөн үлгү алышыбыз керек”.
Насаат сөзүн аяктап жатып башчы Даниил чиркөөгө келген адамдарга Кумардуу жумага – улуу кубаныч менен – Христос Пасхасы, биздин Иисус Христтин Кайра тирилиши менен аяктай турган акыркы жана азаптуу жума жыргалчылыктуу, руханий кирүүнү батасын берди.
Андан кийин башчы Даниил Куткаруучуну Иерусалимдин жашоочулары тосуп алган пальма бутактары жөнүндө салттуу эскерүү катары ыйык сууну кызыл талдын бутактарына чачты.