Преосвященнейший Даниил Страстная седмицанын Улуу жумасында Плащаницаны алып чыгуу менен Улуу Вечерня жүргүздү

  26 апреля 2019   На русском
Преосвященнейший Даниил совершил Великую Вечерню с выносом Плащаницы в Великую Пятницу Страстной седмицы

2019-жылдын 26-апрелинде, Улуу жумада, биздин Кудайыбыз Иисус Христтин Ыйык куткаруучу Азаптарын эскерүү күнү, епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Плащинаца алып чыгуу менен вечерня өткөрдү.

Улуу Урматтуу менен катар собордун дин кызматкерлери кызмат өтөштү.

Улуу Жуманын Вечернясынын соңунда Анын табыттагы абалы түшүрүлгөн Христтин плащаницасы чыгарылды. Андан ары Улуу Урматтуу өзүнүн архипастырлык сөзүндө прихожандарга Улуу Жумада Чиркөө тарабынан Кудай Иисус Христостун биз үчүн болгон ыйык, куткаруучу жана катаал азап тартуулары жана өлүмү эскерилээрин белгилеп жана крестке керип жазалоонун майда-баратын ачып бере турган медициналык күбөлөндүрүүнүн текстин окуп берди.
Керип жазалоону перстер б.з.ч. 300-жылы ойлоп табышкан жана б.з.ч. 100-жылы Римдмктер аны өркүндөтүшкөн.   

Бул жаза адам баласы ойлоп тапкан өлтүрүүнүн эң оор ыкмасы, бул жерде “азап тартуу” термини абдан актуалдуу болот.

Бул жаза өтө ашынып кеткен эркек-кылмышкерлер үчүн ойлоп табылган.

Иисус жылаңачталып чечинтилген, Анын кийимин римдик асерлер бөлүп алышкан. “Менин ризамды бөлүп жатышат жана кийимдериме дагы  чучукулак ыргытышты” (Псалом 21).

Крестке керип салуу Кудайдын жай, кыйнаган, катаал өлүмүнө кепилдик берген.

Иисустун тизелери 45 градуска жакын бурчка бүктөлгөн. Ал өзүнүн салмагын жамбашынын булчуңдары менен көтөрүп турууга аргасыз болгон, бул анатомиялык жактан туура эмес абал болгон, бул абалда тизелери жана жамбаш булчуңдары калтырабай көпкө туруу мүмкүн эмес эле.

Иисустун жалпы салмагы Анын мык кагылган бутуна түшкөн. Иисустун буттарынын булчуңдары тез чарчагандыктан, анын денесинин салмагы Анын колдоруна, билектерине жана ийиндерине түшкөн.

Ал крестке кагылгандан кийин Иисустун ийиндери чыгып кеткен. Бир мүнөттөн кийин куткаруучунун чыканактары менен билектери чыгып кеткен.

Натыйжада Анын колдору адаттагыдан 23 сантиметрге узун болуп калган. Мындан тышкары, 21:15 Псалмасындагы көзү ачыктыгы аткарылган: “мен суудай төгүлдүм; менен сөөктөрүмдүн баарысы чачырап кетти”. Бул көзү ачык псалма крестке керилген Иисустун сезимдерин так берип турат.

Иисустун билектери, чыканактары жана ийиндери чыгып кеткенден кийин Анын денесинин салмагы колдору аркылуу көкүрөк клеткаларына басым жасай баштаган.

Бул Анын көкүрөк клеткаларын жогору жана сыртка карай кесирлүүгө, табигый абалынан чыгууга аргасыз кылган. Анын көкүрөк клеткалары дайыма максималдуу дем алуу абалында турган.

Дем чыгаруу үчүн Иисус мык кагылган буттарына таянууга жана өпкөдөн абаны чыгаруу үчүн көкүрөк клетканын төмөн жана ичке жылуусун шарттап, өзүнүн денесин көтөрүүгө аргасыз болгон.

Анын өпкөсү туруктуу максималдуу дем алуу менен тынч абалда болгон. Крестке керүү – медицина көз карашынан алганда  катастрофа.

Көйгөй Иисус бутуна эркин таяна албаганында турган, анткени Анын 45 градус бурч менен ийилген бутунун булчуңдары шишип кеткен жана катуу ооруган, дайыма карышкан жана анатомиялык жактан туура эмес абалда болгон.

Крестке керүү тууралуу бардык голливуд фильмдеринен айырмаланып, курмандык абдан активдүү болгон. Керилген курмандык дем алуу үчүн болжол менен 30 см аралыкта, физиологиялык жактан крестте жогору жана төмөн жылууга аргасыз болгон.

Дем алуу процесси тумчугуу коркунучу менен коштолгон азаптуу ооруну жараткан

Крестке керүү 6 саатка созулгандыктан, Иисус өзүнүн салмагын көтөрө албай баштайт, анткени Анын саны жана башка бут булчуңдары улам алсызданган. Анын алаканы, чыканагы жана ийини ордунан тайган, ал эми андан ары Анын көкүрөк клеткасын көтөрүүсү Анын дем алуусун улам кыйындаткан. Бир нече мүнөттөн кийин Иисус катуу энтигүүдөн жабыркаган.

Дем алуу үчүн кресттеги анын жогору жана төмөн карай кыймылы Анын алаканын, Анын тамандарын жана чыгып кеткен чыканагын жана ийнин катуу ооруткан.

Иисус барган сайын жабыгып, кыймылы азаят, бирок тумчугуудан улам боло турган өлүм коркунучу Аны дем алуу үчүн аракет кылууга аргасыз кылат.

Иисустун бутунун булчуңдарында дем чыгаруу үчүн өзүнүн денесин көтөрүү аракетинде басымдан улам азаптуу карышуу өрчүгөн.

Анын алаканындагы эки жанчылган ортоңку нервден улам болгон оору ар бир кыймылдаган сайын жанды кейиткен.

 Иисусту бүтүндөй кан жана тер басат.

Кан уруп-сабоонун жыйынтыгы болгон, ал эми тер – Анын дем чыгаруу аракетинин жыйынтыгы болгон. Муну менен катар Ал күйүгүп калат, ал эми иудейлердин башчылары, топтолгон эле жана уурулар кресттин эки тарабында туруп мазактап, тилдеп жана Аны келекелешет. Мындан тышкары, муну Иисустун өз энеси көрүп турат. Анын эмоционалдык кемсинүүсүн элестетип көрүңүз.

Иисустун дене бою өлүмгө алып келе турган бир топ кыйноолорго кабылат. Иисус өпкөнүн адекваттуу желдөөсүн сактай албагандыктан, Ал гиповентиляция абалында болгон.

Анын канында кычкылтектин деңгээли төмөндөп баштайт, анда гипоксия өрчүйт. Мындан тышкары, чектелүү дем алуу кыймылдарынан улам канда көмүр кычкыл газынын (СО2) деңгээли жогорулап баштайт, бул абал гиперкритикалуу абал деп аталат

СО2 деңгээлинин өсүшү кычкылтектин агымын көбөйтүү жана СО2 тазалоо үчүн, Анын жүрөгүн тез-тезден согууга мажбурлайт.

Дем алуу борбору Иисустун мээсине Анын өпкөсүнө тезден дем алуу шашылыш билдирүүсүнө жөнөтөт. Ал оор дем алып, калтырап кыркырай баштайт.

Физиологиялык рефлекстер Андан терең дем алууну талап кылат жана Ал азаптуу ооруга карабастан, аргасыздан Крестте өйдө-ылдый тезден жылат. Жан кыйнаган кыймыл мүнөтүнө бир нече жолу башталат, бул топтолгон элди кубандырат, алар рим жоокерлери жана синедрион менен Аны мазакташат.

Бирок, Иисусту Крестке керүүдөн жана Анын алсыздануусунан улам, Ал өзүнүн денесин кычкылтек менен камсыздай албай калат.

Гипоксия (кычкылтектин жетишсиздиги) жана Гиперкапния (СО2 көптүгү) Анын жүрөгүн тезден согууга мажбурлайт, эми Анда Тахикардия өрчүйт.

Иисустун жүрөгү улам тезден сого баштайт, пульстун жыштыгы болжол менен 220 каг/мүнөттү түзөт.

Иисус мурдагы түндөгү саат алтыдан баштап 15 саат аралыгында эч нерсе ичпейт. Эске салсак, Аны уруп-сабашат, Аны өлтүрүп кое жаздашат.

Ал сабоодон, тикендүү таажыдан, колундагы жана бутундагы кагылган мыктан, ошондой эле Аны уруп-сабоодо жана кулап түшкөндө алган көптөгөн айрылган жарааттан улам бүт денесинде кансырайт.

Иисус суусузданат, Анын кан басымы минимумга чейин түшөт.

Анын артериялык басымы болжол менен 80/50 болгон болушу мүмкүн.

Ал гиповолиемия (кандын төмөнкү деңгээли), тахикардия (өтө тез пульс), тахипноэ (өтө тез дем алуу) жана гипергидроз (ашыкча тердөө) менен биринчи даражадагы шокко кабылат.

Чак түш ченде Иисустун жүрөгү “иштен чыгып” баштайт.

Өпкөсүн шишик баскан болушу мүмкүн.

Бул анын ансыз да оор болгон дем алуусун кыйындаткан.

Иисус жүрөк жана дем алуу жетишсиздигин баштан өткөрөт.

Иисус айтат: “Мен чаңкап турам”, анткени Анын денеси суюктукка зар болуп турат. “Сынык карапа сыяктуу менин алым бүттү; тилим тамагыма жабышып калды жана Сен мени өлүмгө жетелеп бардың”. (Псалтирь 21:16)

Иисус демейдегидей дем ала албай калат жана акырын тумчугуп баштайт.

Ушул этапта Иисустун кан айлануусунун бузулушу өрчүшү ыктымал (Haemopericardium).

Плазма жана кан Анын жүрөгүнүн айланасындагы перикард деп аталган мейкиндикте топтолгон. “Менин жүрөгүм мом сыяктуу жасалган, менин ичимде эрип кетти”. (Псалтирь 21:15)

Анын жүрөгүнүн тегерегиндеги бул суюктук жүрөк тампонадасын жараткан (бул Иисустун жүрөгүнүн туура согуусуна тоскоол болгон).

Жүрөктүн физиологиялык керектөөлөрүнүн өсүшүнөн жана Haemopericardium өнүгүшүнөн улам, Иисустун жүрөгү айрылып кетиши мүмкүн. Анын жүрөгү үзүлүп кеткен. Дал ушул Анын өлүмүнүн себеби болушу мүмкүн.

Өлүм процессин жайлатуу үчүн, жоокерлер Крестке чакан жыгач урчук орнотушкан, ал Иисуска крессте өзүнүн салмагын “артыкчылыктуу” алып жүрүүсүн шарттаган.

Мунун жыйынтыгында крестте өлүм тогуз күнгө чейин созулган.

Римдиктер өлүмүн тездетүүнү каалап, курмандыктардын саналуу мүнөттө өлүшүн мажбурлап, буттарын сындырышат.

Күндүз саат үчтө Иисус деп айтат: “Аткарылды”. Ошол учурда Ал Өзүнүн Рухун кое берет жана өлөт.

Жоокерлер Иисустун бутун сындыруу үчүн Ага келгенде, Ал өлүп калган болот. Күн мурун айтылган окуя аткарылып, Анын денесинин бир дагы бөлүгү сындырылган эмес.

Иисус эң азаптуу жана болуп көрбөгөндөй коркунучтуу кыйноолордон кийин алты саат аралыгында өлгөн.

Ал сизге жана мага окшогон адамдар Түбөлүк Жашоону мурастап калышы үчүн өлдү. “Күнөө эмне экенин билбеген Ал биз Анда Кудайдын алдында такыба болушубуз үчүн, биздин кылган күнөөбүз үчүн курмандук болду”(2 Коринфянадарга кайрылуу 5:21).

Аягында крестке кагылган Жараткан жана Ыйык Кудай Эненин ыйы жөнүндө канон окулду. Кечки кудайга сыйынуудан кийин чиркөөгө келген адамдар Плащаницага чекесин тийгизишти. 









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.