2019-жылдын 27-апрелинен 28-апрелине караган түнү, Улуу урматтуу Даниил, Бишкек жана Кыргызстан епискобу, Бишкек шаарынын Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Пасхалык кудайга сыйынууну – полунощницаны, кресттик жүрүштү, Пасхалык таңкы сыйынууну жана Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.
Салт болгондой, “Сен тирилдиң, Христ Куткарды” ырын ырдоо менен Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун айланасында кресттик жүрүш аткарылды жана Пасхалык Таңкы сыйынуу башталды, анын акырында “Ыйык Иоанн Златоусттун Ыйык Пасхага жарыя сөзү” окулду.
Биздин ыйык Иоанн Златоусттун ыйык Пасхага карата Жарыя сөзү (азыркы орус тилинде)
Ким такыба жана кудайды сүйүүчү болсо – ал дал ушул керемет жана жаркын салтанаттан рахат алсын.
Ким акылдуу кул болсо – ал кубануу менен өзүнүн Жаратканынын кубанычына кирсин.
Ким эмгектенсе, пост кармаса – ал азыр динарий алсын.
Ким биринчи сааттан тартып иштесе – ал бүгүн керектүү акысын алсын.
Ким саат үчтөн кийин келсе – ыраазычылык менен майрамдасын.
Ким саат алтыдан кийин келгенге жетишсе – эч тынчсызданбасын; ал эч нерседен ажырабайт.
Ким саат тогузга чейин камырабай жүрүп алса – эч нерседен шектенбей, эч нерседен коркпой кирише берсин.
Ким саат он бирде гана келгенге жетишсе – ал дагы өзүнүн жай-баракаттыгы үчүн коркпосун.
Кең пейил Башчы акыркыны дагы биринчини кабыл алгандай кабыл алат; саат он бирде келгенди дагы биринчи сааттан тартып иштегендер сыяктуу тынчтандырат; акыркыга мээримдүүлүк кылат жана биринчи тууралуу кам көрөт; ага дагы, буга дагы берет; ишин кабыл алат жана ниетин жактайт; ишмердигин даңктайт жана абалын мактайт.
Ошентип, баарыңыздар биздин Жараткандын кубанычына кириңиздер; биринчилер дагы экинчилер дагы сыйлык алыңыздар;
Байлар дагы кедейлер дагы, бири бириңер менен кубангыла;
Сабырдуулар жана көңүл коштор бул күндү урматтагыла;
Пост кармагандар жана пост кармабагандар азыр кубангыла.
Дасторкон мол – баарыңар каныккыла;
Эч ким ачка кетпесин; баарыңар диндин тоюнан рахат алгыла; баарыңар жакшылык байлыгынан пайдалангыла.
Эч ким жакырчылыкка даттанбасын, жалпы Падышачылык ачылды.
Эч ким күнөөсү тууралуу ыйлабасын, табыттан кечирим жаркырады.
Эч ким өлүмдөн коркпосун, бизди Куткаруучунун өлүмү бошотту.
Ал анын кучагында болуп, аны алсыздантты;
Ал тозокко кирип, тозокту бошотту;
Анын денесине кол тийгизгендерди капалантты.
Бул тууралуу Исаия алдын ала билип деп айтты: «Тозок, — дейт ал, — капалан, сенин күнүң бүттү».
Ал капаланды, убара болуп калды;
Капаланды, маскараланды;
Капаланды, өлтүрүлдү;
Капаланды, тебеленди;
Капаланды, байланды.
Ал денени алды жана андан Кудайды тапты;
Жерди алды жана андан асманды көрдү;
Көргөнүн алды жана көрбөгөн нерсеге кабылды.
«Өлүм, сенин найзаң кайда?
Тозок, сенин жеңишиң кайда?» (1Кор. 15:55).
Христос тирилди, — сен дагы куладың;
Христос тирилди, — шайтандар кулады;
Христос тирилди, — периштелер кубанат;
Христос тирилди, — жашоо жайлашат;
Христос тирилди, — табытта өлгөн жан жок.
Өлгөндөрдүн арасынан тирилген Христос, — «Өлгөндөрдүн башаты болду» (1Кор. 15:20).
Ага кылымдан кылымга даңк.
Аминь.
Пасхалык Евангелие (Ин. 1:1-17) 11 тилде окулду: чиркөө-славян, латын, грек, иврит, немец, орус, украин, белорус, болгар, татар жана кыргыз тилдеринде.
Москва жана Бүткүл Орус Патриархы Ыйык Кириллдин архипастырларга, пастырларга, монахтарга жана Орус Православ Чиркөөсүнүн бардык балдарына пасхалык кайрылуусун иерей Георгий Дворовой окуду.
Сыйынуудан кийин Улуу урматтуу Ал артосту жарыктандырды.
Кудайга сыйынуу литургиясы аяктагандан кийин Улуу урматтуу ал чиркөөгө келген адамдарды куттуктады жана баарына архиерейлик батасын берди.