Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык православдарды Пасха майрамы менен куттуктады

  28 апреля 2019   На русском
Президент Сооронбай Жээнбеков поздравил православных кыргызстанцев с праздником Пасхи

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, кыргызстандык праваслав христиандарын Пасха майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

"Кымбаттуу мекендештер!

Урматтуу Кыргызстандын православ жарандары!

Сиздерди чын жүрөктөн Христостун кайра жаралуу күнү менен куттуктайм!

Дүйнө жүзүндөгүдөй эле Кыргызстан православдары бүгүн Пасха – Иисус Христтин кайра жаралуу күнүн белгилеп жатышат. Бул христиан чиркөөсүнүн жаркын жана башкы майрамы.

Пасха бул православ христиандары менен жалпы биздин элди руханий жактан бириктирген кубанычтуу окуя. Пасха жөрөлгөлөрүн өткөрүү конфенсия аралык, этнос аралык ынтымактын белгиси.

Кыргызстан эли жыл сайын биргеликте Нооруз, Орозо айт, Курман айт, Рождество жана Пасха майрамдарын белгилеп жатканы кубанычтуу.

Биз уникалдуу тарыхый жана маданий байлыгыбызга таянып, Кыргызстанды биргеликте гүлдөп өнүккөн өлкөгө айланта алабыз. Бул майрам күнү ар бириңерге ден-соолук, үй-бүлөңөргө ынтымак, тынчтык, ийгилик жана бакубатчылык каалайм".









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.