Престольный майрамда епископ Даниил ыйык улуу азап тартуучу Георгий Победоносец храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  06 мая 2019   На русском
В престольный праздник епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме святого великомученика Георгия Победоносца в г. Токмак

2019-жылдын 6-майында. Пасханын 2-жумсында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил престольный майрамынын урматына Токмок шаарындагы Георгий Победоносец храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу урматтуу менен катар төмөнкүлөр кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), ыйык улуу азап тартуучу Георгий Победоносец храмынын башчысы протоиерей Александр Атаманов, протоиерей Андрей Борисенко, иерей Олег Бибик, иерей Георгий Дворовой, иерей Евгений Циклаури, иерей Николай Пелых, иерей Никита Чебуков, иерей Роман Лебедев.

Кудайга сыйынуунун соңунда храмдын айланасына кресттик жүрүш жасалды. Андан кийин башчы Даниил чиркөөгө келген адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылып, анда дин кызматкерлерин жана келгендерди ыйык улуу азап тартуучу Георгий Победоносецти эскерүү боюнча престольный майрамы менен куттуктады. “Бүгүн биз аны өзгөчө эскеребиз жана ага сыйынабыз, андан биздин жерибизди, биздин жоокерлерибизди коргоп турууну суранабыз. Анын дубалары менен биз сакталып жана корголуп турабыз”. Бул күнү башчы Даниил храмга улуу азап тартуучу Дмитрий Солунскийдин кубаттары түшүрүлгөн иконанын белекке берди.

Престольный майрамынын урматына Улуу Урматтуу Ал храмдын жетекчиси протоиерей Александр Атамановду II даражадагы Ысык-Көлдүк Преподобный Ираклий медалы менен сыйлады. Гергий храмынын прихожандары Архиерейлик алкыш грамоталары менен сыйланышты: Ступников Сергей Викторович жана Хрипков Олег Николаевич.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.