Епископ Данил Кыргызстандын Президентин Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

  08 мая 2019   На русском
Епископ Данил поздравил Президента Кыргызстана с Днем Великой Победы

Улуу Урматтуу, Сооронбай Шарипович мырза!

Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилден чыккан куттуктоолорду кабыл алып коюңуз!

9-май – Кыргызстандын бардык жашоочуларын, бардык муундагы адамдаржы жалпы кубаныч жана эскерүү менен бириктирип турган майрам. Бул күнү биз балдарыбызды түбөлүк отко алып келебиз жана жалпы адамзаты, ар бир киши үчүн Улуу Жеңиштин мааниси кандай зор экендигин түшүндүрүп беребиз.

Бул эскерүү күнү дагы бир жолу өмүрүн жана ден соолугун аябастан биздин Мекенибизди коргоп калгандардын баарына чоң ыраазылык билдиребиз! Биздин бабаларыбыздын эрдигин биздин эсибизден, ал эми жүрөгүбүздөн – миллиондогон мекенештердин кыйылган өмүрү үчүн кайгыны эч кандай күч өчүрө албайт.

Жаратылыш ойгонуп, жаңыра баштаган жазда биз Улуу Жеңиш Майрамын белгилеп жатканыбыздын өтө терең мааниси бар. Бул жаз күндөрү, гүлдөп жаткан бакчаларды,  гүлзарларды карап туруп, дүйнө кандай кооз жана назик экени, согуш кандай катаал, таш боор экени өзгөчө курч сезилет.

Ушул майрам күнү Сизге жана республиканын бардык жашоочуларына чын дилимден тынч асман, саламаттык жана бакубат, байгер жашоо жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм!

Ардагерлердин жана тылдын эмгекчилеринин эрдиги тууралуу эскерүү бардык кыргызстандыктардын жүрөгүндө жашасын!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.