9-май – Жеңиш күнү. Епископ Даниил Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин, Ленинграддын блокадачыларын, тылдын эмгекчилерин жана Кыргызстандын бардык жарандарын Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады

  08 мая 2019   На русском
9 мая – день Победы. Епископ Даниил поздравил ветеранов Великой Отечественной войны, блокадников Ленинграда, тружеников тыла и всех граждан Кыргызстана с 74-ой годовщиной Великой Победы

Кымбаттуу Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери, Ленинграддын блокадачылары жана тылдын эмгекчилери! Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар!

Бул ыйык Пасха күндөрү Сиздерди Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм жана түбөлүк тирүү сөз – Христос Тирүү сөзү менен амандашам!

9-май мурдагы СССР мамлекетинин ар бир үй-бүлөсүнүн тарыхында камтылган. Бул майрамда биздин ата-бабаларыбыз жасаган эрдикке сыймыктануу менен бирге жоготуулар жана азаптуу айрылуулар тууралуу эскерүү орун алат.

Биздин жоокерлердин эрдигине таазим этүү менен, Улуу Жеңиш православ дини менен тарбияланган таң калыштуу рух күчү, маданият, ошондой эле биздин көп улуттуу элдин ак ниеттүү салттары менен багындырылганын түшүнөбүз.

Орус адамы үчүн анык сүйүү Христтин төмөндөгү сөзүндө камтылган: “Ким өзүнүн жанын өз досуна берсе, андан ашкан сүйүү жок”. Биздин эл бул курмандыкты дүйнөнү фашизмден куткаруу үчүн, эркиндик жана жашоону улантуу үчүн берди.

Биз баарыбыз жеңиш тартуулаган адамдардын алдында карызбыз жана аны көзү тирүү ардагерлерди сүйүү жана аларга кам көрүү менен толтурушубуз керек. Улуу ата мекендик согуш жөнүндө эскерүү менен, аны кийинки муундарга берүү менен гана биз биздин коом үчүн келечектин жыргалчылыгына үмүт арта алабыз.

Сыйынуу менен Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине, Ленинграддын блокадачыларына жана тылдын эмгекчилерине ден соолук жана жан дүйнө саламаттыгын жана узак өмүр, ал эми баарыбызга – кудайдын жардамы менен өз Ата мекенине, өз милдетине кызмат кылуудагы жеңиш ээлерине татыктуу мураскер болууну каалайм.

Жеңиш күнүңүздөр менен! Христос тирүү!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.