Жеңиш Күнүн утурлай епископ Даниил Ысык-Көлдөгү Россиянын аскер-деңиз флотунун аскер бөлүгүнө барды

  08 мая 2019   На русском
В преддверии Дня Победы епископ Даниил посетил воинскую часть Военно-Морского Флота России на Иссык-Куле

2019-жылдын 7-майында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Койсары айылындагы (Ысык-Көл облусу) Россиянын Аскер-деңиз флотунун 954-аскер базасына архипастырлык сапары менен барды.

Улуу Урматтуу базанын өздүк курамын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Жаркын Христтин Тирилүү майрамы менен, ошондой эле келе жатан Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктоо үчүн атайын барды.

Башчы Даниилди базанын аракеттеги командачысы, 2-даражадагы капитан Темнохудов А.В. тосуп алып, коштоп жүрдү.

Базага барган убакта архипастырь базанын өздүк курамынын мүчөлөрү менен гана таанышпастан, алардын үй-бүлөлөрү менен дагы баарлашты, аскер бөлүгүнүн кеме курамын карап чыкты, ошондой эле аскердик катер менен Ысык-Көлгө сейилге чыгып келди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.