Епископ Даниил Пятигорск шаарындагы Спасск кафедралык соборунун Престольный майрамына катышты

  19 мая 2019   На русском
Епископ Даниил принял участие в Престольном празднике Спасского кафедрального собора Пятигорска

2019-жылдын 19-майында, Расслабленный жумасында, Пятигорск шаарындагы Куткаруучу Христ храмынын Престольный майрамы белгиленди. Салтанатты Ортоазия митрополия округунун башчысы, Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий жетектеди.

Майрамга ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азиядагы Патриархтык экзархаттын башчысы, Сингапур жана Түштүк-Чыгыш Азия митрополити Сергий, Дүйшөмбү жана Тажикстан епискобу Питирим, Бишкек жана Кыргызстан епсикобу Данилл катышты.

Владыкалар Георгиев аялдар монастырына, Кавказ Минералдык Сууларынын храмдарына, Карачай-Черкестин эң байыркы храмдарына Кабардин-Болкар жамааттарына жана ыйык жайларына барышты. Успенск Второафонск Бештаугорск эркектер монастырынын Священноархимандрити, Пятигорск жана Черкесск архиепискобу Феофилакт Кадырлуу зыяратчыларды кабыл алды.

Престольный күнүнүн алдында архипастырлар всенощное бдение сыйынуусун жетектешти, ал эми майрамдын өзүндө – Кудайга сыйынуу литургиясын башкарышты. Архиерейлер менен бирге Пятигорск храмдарынын башчылары, чиркөө округдарынын благочиндери, епархиялык бөлүмдөрдүн башчылары, епархиянын эң улуу клириктери кызмат өтөштү.

Кудайга сыйынуу литургиясынан жана уставдык кресттүү жүрүштөн кийин митрополит Викентий Москванын жана жалпы Орустун Ыйык Патриархы Кириллдин батасын архиепископ Феофилактка, Пятигорск епархиясынын дин кызматчыларына жана дин жолундагы кишилерге айтып берди. Митрополит Сергий владыка Викентий менен учурашты жана владыка Феофилактты бир тууган-архипастырлардын атынан куттуктады. Архиепископ Феофилакт собордук сыйынуу кубанычын тартуулаганы үчүн меймандарына ыраазылык билдирди.

Благословенный Кавказ сайтынын материалдары боюнча




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.