Епископ Даниил Москва жана жалпы Орус Патриархын Тезоименитство күнү менен куттуктады

  24 мая 2019   На русском
Епископ Даниил поздравил Патриарха Московского и всея Руси Кирилла с днем Тезоименитства

Улуу Урматтуу,

Москва жана жалпы Орус Ыйык Патриархы КИРИЛЛГЕ

Улуу Урматтуу,

Ыйык Владыка жна биздин кайрымдуу атабыз!

ХРИСТОС ВОСКРЕСЕ!

Жалпы Орус Православ Чиркөөсү Ыйык Агартуучулар жана Словендердин биринчи мугалимдери – Тең апостол Кирилл менен Мефодийди эсерип жаткан күнү өзүмдүн атымдан жана Кыргызстандын жалпы православ жамаатынын, монахтарынын жана дин кызматчыларынын атынан Сиздин Тезоименитство күнүңүз менен чын дилден чыккан куттукттоолорубузду кабыл алып коюңуз!

Ыйык Тең апостол Бир туугандар биздин элибизге алып келген Христ ишениминин баа жеткис казынасы Сиздин Первосвятитель кызматындагы эмгегиңиз менен татыктуу жана камкор сакталып турат! Сиздин эмгектериңиз менен, сөздөрүңүз жана үлгүңүз менен славян дүйнөсүнүн диний маданиятынын көркөмдүгү жана куту уланып келет.

Улуу Урматтуу! Жалпы Орус Чиркөөсү Пастыреначальник-Христоско жалынып суранып турган Сиздин руханий жана дене саламаттыгыңыз, Патриархтык татаал кызматты жемиштүү өтөөгө жардам берүү жөнүндө дубалар кабыл болсун!

Урматтуу ыйык Владыка, көп жылдык бараандуу өмүр сүрүңүз!

Сиздин Первосвятителдик дубаларыңызды жана баталарыңызды жалынып суранам.

Ыйык Даражалуу Сиздин шакиртиңиз


Бишкек жана Кыргызстан епискобу.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.