Жалал-Абадда «Успения Божией Матери» храмынын сыртын реконструкциялоо иштери аяктады. Өткөн жылдын ичинде чатыры, терезелери жана эшиктери алмаштырылды, фундементи бекемделди, дубалдары жылууланды жана кооздолду.
Жылытуу системасы оңдолду жана жаңы буу казан орнотулду. Азыркы убакта храмдын ичин оңдоого жана куполдорун даярдоого каражат чогултулуп жатат. Оңдоо иштери храмдын прихожадары чогулткан каражаттарга жасалды. Курулуш материалдарынын негизги бөлүгүнө жана жасалгалоо иштерине Иванова (Арбузова) Лилия (Фомоида) өз каражатын төлөп берди.