Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда балалык майрамы өттү

  01 июня 2019   На русском
В Свято-Воскресенском кафедральном соборе прошел праздник детства

2019-жылдын 1-июнунда – эл аралык балдарды коргоо күнү Ыйык-Воскресенск кафедралык соборундагы балдардын майрамына епархиянын социалдык бөлүмүнүн камкордугундагы балдар – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. собордун кызматкерлеринин жана дин кызматчыларынын балдары, ошондой эле өзгөчө кичинекей меймандар - күн балдары келишти.

Балдардын майрамы храмга экскурсияга баруу менен башталды, аны архимандрит Петр жүргүзүп, балдарды коңгуроо жайына алып барды, ар бир бала өзүн коңгуроочунун ролунда сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

Андан ары собордун короосунда балдарды байгелүү стол үстүндөгү оюндар. аквагрим, чач өрүү жана албетте көңүлдүү жарыштар күтүп турду. Бул күнү мелдештерде албетте достук жеңди!

Оюндардан жана мелдештерден кийин балдарды сый тамактар – торттор, пица жана балмуздак күтүп алды, аларды социалдык бөлүмдүн өнөктөштөрү - «Графский» кондитердик үйү жана «Нью-Йорк Пицца» тармагы тартуулашты.  

Майрам «Мобилдүү кинотеатр» тарабынан көрсөтүлгөн 3D-шоу менен аяктады.

Социалдык бөлүм майрамды даярдоого жана өткөрүүгө катышкандардын ар бирине ыраазылык билдирет. Сиздердин жашооңуздарга дайыма балалык мейманга келип турсун.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.