Епископ Даниил Кыргызстандын президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековду Орозо Айт майрамы менен куттуктады

  04 июня 2019   На русском
Епископ Даниил поздравил Президента Кыргызстана Сооронбая Шариповича Жээнбекова с праздником Орозо Айт

Улуу урматтуу,

Жээнбеков Сооронбай Шариповичге,  

Кыргыз Республикасынын Президентине.

 

Улуу урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизди чын жүрөктөн бардык мусулмандар үчүн орток болгон Орозо айт майрамы менен куттуктайм!

Ыйык Рамазан айы тынчтыктын ыйык айы, руханий тазалануу мезгили, ойдун тазалыгынын, жакшы иштерди жана жакшылык жасоонун ыйык айы деп эсептелет. Чыдамкайлыкка жана кечиримдүүлүккө, боорукерликке жана кайрымдуулукка чакырат. Коомдун жыргалчылыктуу өнүгүшү негизделе турган түбөлүк фундаменталдуу, өзгөрбөс жана эң маанилүү баалуулуктар тууралуу эскертет.

Диний-руханий чөйрөдө Сиз сабаттуу жүргүзүп жаткан саясаттын аркасында сакталып келаткан ата-бабалардын баа жеткис руханий мурасы Кыргызстандын бүтүндөй калкынын ынтымагын бекемдөөгө кызмат кылат, адамдарды өз ара сый-урматка жана терең жана чыныгы достукка чакырат!

Бул майрам күнү Сизге жана Сиздин жакындарыңызга жана туугандарыңызга жакшы тилектеримди кабыл алыңыз, чын ден соолук жана узак өмүр каалайм, жана Сиз менен бирге бүтүндөй Кыргызстан элине – тынчтык жана жыргалчылык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм!

 

Терең жана чын жүрөктөн урматтоо жана жакшылык каалоо менен,

Бишкек жана Кыргызстан епискобу.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.