Епископ Даниил Владимир соборунда Кудайга сыйынуу Литургиясын өткөрдү

  16 июня 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию во Владимирском соборе

2019-жылдын 15-июнунда, Пасха боюнча 7-седмицада, Троицк ишембисинде, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостол улуу князь Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу урматтууга көмөктөшкөндөр: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексей Зайцев, иерей Георгий Дворовой, иерей Николай Пелых.

Ааламдык Православ Чиркөөсүнүн Уставы боюнча Ыйык Пятидесятница (Троица) майрамынын алдында Катаал Сот жөнүндө Жуманын (Воскресениенин) алдындагы Этсиз жумада боло турган биринчи Ааламдык ата-энелер ишембиси сыяктуу эле заупокойное сыйынуусу жасалат. Бул ата-энелер ишембиси Этсиз ишемби катары эле Троицк аталып калган, седмицадан кийин баштала турган Апостолдук деп аталган постко кирүүнү билдирип турат.

Бул көзү өткөндөрдү эскерүү аполстолдор мезгилинде башталган. Этсиз ата-энелер ишембисин белгилөө жөнүндө айтылгандай, “Кудайды сүйгөн аталар аны ыйык апостолдордон кабыл алышты”, Троицк ишембиси тууралуу дагы ушуну эле айтууга болот.  Ыйык апостол Петр Пятидесятница күнү айткан сөздөрүндө  Пятидесятница күнү көзү өткөндөрдө эскерүү салты башталган. Апостол бул күнү иудейлерге кайрылып, Тирилген Куткаруучу тууралуу айткан: Кудай Аны тирилтти, өлүмдүн түйүнүн чечти (Деян. 2, 24). Ал эми апостолдук токтомдор бизге апостолдор Пятидесятницада ыйык рухка толуу менен  иудейлерге жана язычниктерге биздин Куткаруучубуз Иисус Христ, тирүүлөрдүн жана өлүүлөрдүн Судиеясы тууралуу проповедь кылышкан. Ошондуктан Ыйык Чиркөө байыртан эле бизди Пресвятая Троица күнүнүн алдында көзү өткөн бардык аталарды, агаларды, бир туугандарды эскерүүгө чакырган. Анткени Пятидесятница күнү Животворящий Пресвятой Дух күчү дүйнөнү жууп-тазалайт, бизге тирүүлөргө дагы, өлүүлөргө дагы куткаруу жиберет. Дүйнөнүн акыркы күнү болгон Этсиз ишембидей эле Христтин падышалыгына эшигин ачкан Ветхозавет Чиркөөнүн акыркы күнү болгон Троицк ишембисиндей эле Пятидесятница күнү Православ Чиркөөсү көзү өткөндөрдүн баарына дуба кылат.  Майрам күнү аларга арнап “Упокой, Господи, души рабов Твоих, прежде усопших отец и братий наших, и прочих сродников по плоти, и всех своих в вере, о них же и память творим ныне” дубасы окулат.

Пятидесятница күнү дүйнөнү кечирүү тирүүлөргө жана өлүүлөргө куткаруу тараткан Животворящий Пресвятой Дух ыйык күчү болгон. Ошондуктан Ыйык Чиркөө дүйнөнүн акыркы күнү боло турган Этсиз ишембиде дагы, Ветхозавет Чиркөөсүнүн акыркы күнү боло турган Троицк ишембисинде дагы, Пятидесятница күнүндө дагы көзү өткөндөрдүн баарына дуба кылууга чакырат. Ал эми Пятидесятница күнү Кудайдан аларга бейиш суроо керек.

 “Упокой, Господи, души рабов Твоих, прежде усопших отец и братий наших, и прочих сродников по плоти, и всех своих в вере, о них же и память творим ныне” дубасы айталат.
 

Булак: 
http://www.pravmir.ru




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.