9-июль – Кудай Эненин Тихвин иконасын эскерүү күнү. Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил жана Борисоглеб и Бутурлинов епискобу Сергий Каракол шаарындагы Троицк храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрүштү

  09 июля 2019   На русском
9 июля – день памяти Тихвинской иконы Божией Матери. Епископ Бишкекский и Кыргызстанский Даниил и епископ Борисоглебский и Бутурлиновский Сергий совершили Божественную литургию в Троицком храме города Каракол

2019-жылдын 9-июлунда, Пятидесятница боюнча 4-седмицада, Кудай Эненин Тихвин иконасын эскерүү күнү  Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил жана Борисоглеб жана Бутурлинов епискобу Сергий Каракол шаарындагы Троицк храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрүштү.

Архиерейлер менен катар Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматчылары жана Россиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген дин кызматчылары кызмат өтөштү.

Литургиядан кийин Кресттүү жүрүш жасалды. Кудай Эненин Тихвин иконасы архипастырлардын, дин кызматчыларынын, зыяратчылардын жана храмдын прихожандарынын коштоосунда  жана «Пресвятая Богородица, спаси нас» ырдалып храм комплексин айланта жүрүш жасалды.

Андан кийин храмдын кире беришинде Асман Ханышасына дуба айтуу менен ыраазылык молебени өткөрүлдү. Молебен аяктаганда епископ Даниил Ананьево айылындагы Никольск храмынын башчысы, митрофор протоиререй  Виктор Журавлевдун жетимиш жылдыгынын урматына III даражадагы Преподобный Серафим Саровский орденин тапшырды.

Андан кийин архиерейлер кезеги менен православдарды улуу майрамы менен куттуктады. Владыка Сергий владыка Даниилге иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга чакырганы үчүн чын дилден чыккан ыраазылык билдирди. Епископ Орто Азия жеринде толук кандуу православ жашоосу бар экенин көргөнүнө кубанганын айтты. Өзүнүн прихожандарына бул жердеги православ приходдору тууралуу жана барып көргөн ыйык жайлар тууралуу айтып берүүгө убада берди.

Сыйынуудан кийин жана салт болуп калгандай ар бир дин жолундагы киши керемет жасаган Пресвятая Богородица «Тихвинская» иконасына барып, Асмандын ханышасынан жардам сурап сыйынышты.

Маалымкат: Афон ыйык тоосунан Кудай Эненин Тихвин образын 1897-жылы Кыргызстанга Түркстан жана Ташкент епискобу Аркадий (Карипинский) алып келген. Икона Түп айылына жакын Светлый Мысь эркектердин Свято-Троицк Живоначальная Троица монастырынын жаңыдан курулган 400 кишилик храмына арналган эле. Аны афон монахтары жиберишкен, иконада «в дар и в благодатную помощь всем с верой и любовью прибегающим» деп жазылган. Ошол убактан бери, 119 жылдан бери улуу святыня Кыргыз жеринде турат. Бул жылдардын ичинде керемет жаратуучу образ ишенимдүү кишилерден улуу сый, кудайсыздардан чоң азап көрдү. Ыйык жерде турганда дагы, куугунтукка алынганда дагы Тихвин Кудай Эне образы  өзгөчө руханий күчкө ээ болуп, ишенген ар бир жүрөк үчүн коргоо, кыйынчылыкта жардам болуп келди жана Кудайдын сүйүүсү жана кудай эненин мээрими жөнүндө далилдеп келе жатат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.