2019-жылдын 17-июлунда жаштарды өнүктүрүү институтунун чакыруусу менен Бишкек Жана Кыргызстан епискобу Даниил “Кыргызстан – көп улуттуу өлкө” темасы боюнча панелдик дискуссияга спикер катары чыкты. Бул дискуссияга спикер катары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев катышты. Владыка менен жолугушууга 100 киши келди.
Жолугушууда епископ Даниил жаштарга Орто Азия регионунда, тактап айтканда, Кыргызстанда православ дининин пайда болушунун тарыхы, ошондой эле анын башкы руханий баалуулуктары жөнүндө айтып берди. Маектешүүдө Улуу Урматтуу башчы ар бир салттуу динди туура түшүнүүгө жана чечмелөөгө, ошондой эле өлкөнүн тынчтыгына жана туруктуулугуна диндин тийгизген таасири жөнүндө айтып берди.
Спикер Закир Чотаев дин жаатындагы мамлекетик саясатты ишке ашыруу жөнүндө айтып берди. Маектин соңунда жаштар тараптан спикерлерге көптөгөн суроолор берилди. Радикализм, фанатизм, окуу жайларында хиджаб кийип жүрүү жана башка көптөгөн көйгөйлөргө кызыгышты. Суроолорго жооп берген спикерлер лагердин тиричилиги менен таанышып, отряддардын бири отко бышырган тамактан ооз тийишти.
«Jashtyk: жаңы идеялардын аймагы» жаштардын палатка лагери Беловдск айылына жакын “Ак-Суу” капчыгайында өтүп жатат жана ар башка сменаларда өлкөнүн булуң-бурчунан, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 600гө жакын 15-27 жаштагы кишилерди чогултат. Бул жаштардын форуму жаштар үчүн уникалдуу платформа, алар сессиялардан, воркшоптордон жана мастер-класстардан тышкары, ар башка темалар боюнча спикерлер менен жолугуп турушат жана дискуссия учурунда аларга суроо берип, кызыктырган маселелер боюнча жоопторду алышат.
Иш-чаранын уюштуруучусу – Жаштарды өнүктүрүү институту 2016-жылдан бери палатка түрүндөгү жаштардын масштабдуу лагерлерин өткөрүп келет.