Епархиянын билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери “Жаштар жана санариптик революция” Борбор Азиянын православ жаштарынын VIII Съездине катышты

  23 июля 2019   На русском
Сотрудники епархиального отдела образования приняли участие в VIII Съезде православной молодежи Центральной Азии «Молодежь и цифровая революция»

2019-жылдын 19-21-июлунда епархиянын билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн кызматкерлери Нур-Султан шаарынын Успенск кафедралык соборунун Диний-Маданий борборунда өткөн “Жаштар жана санариптик революция” Борбор Азиянын православ жаштарынын VIII Съездине катышты.

Съезддин ишине 300гө жакын киши – Митроплия округунун бардык епархияларынан келген делегаттар, жаштар жана агартуу ишин уюштуруу үчүн жооптуу епархиялык жана приходдук жаштар активдеринин лидерлери жана мүчөлөрү, коомдук, диний жана социалдык маселелер боюнча эксперттер, ошондой эле Россиядан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген меймандар катышты.

Астана жана Казакстан митрополити Александрдын учурашуу сөзүнөн жана форумдун ачылышынан кийин топтор боюнча командалык иш болду.

Социалдык тармактарда иштөө боюнча мастер-класстарды Беларусь Православ Чиркөөсүнүн миссиялык бөлүмүнүн төрагасынын орун басары, «Batushka ответит» youtube-каналынын алып баруучусу Александр Кухта жана Жогорку экономика мектебинин окутуучусу, digital-агенттиктин (Москва, Россия) жетекчиси Юлия Денисова өткөрүштү.

Алма-Ата шаарындагы Никольск соборунун алдындагы “Милосердие” ыктыярчылар кыймылынын улук мээрман айымы Феодора Момбаева съезддин делегаттарына “Жакындарга жардам берүү - жашоо образы катары” темасын талкуулоону сунуштады.

Башка лекторлор тарабынан интернет-ишкерлик, мобилдүү фотографиялары иштеп чыгуу, санарип революция заманында жаштардын Чиркөөдөгү ролу темалары каралды.

Ошондой эле съезддин программасына командалык оюндарды – квест жана “Жүз киши үчөөнө каршы” интерактивдүү оюндарын өткөрүү жана Акмол айылында жайгашкан,  “эл душманы” жана “Ата мекенин саткан” катары соттолгон кишилердин жубайлары, энелери, кыздары жана бир тууган эже-карындаштары кармалган Р-17 түзөтүү-эмгек лагеринин “АЛЖИР” аты менен белгилүү болгон музейине баруу кирди. Съезд Кудайга сыйынуу литургиясы менен аяктады, аны Астана жана Казакстан митрополити Александр жетектеп, дин кызматкерлери көмөктөшүп турушту.

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси протоиерей Андрей Кунавин съездден алынган тажрыйба абдан пайдалуу экендигин жана епархиянын иш-чараларын уюштурууга жана Кыргызстандын православ жаштар кыймылын өнүктүрүүгө пайдаланылаарын белгиледи.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.