Ыйык Кудай Эненин Успениеси. Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Литургия өткөрдү

  28 августа 2019   На русском
Успение Пресвятой Богородицы. Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 28-августунда, Пятидесятница боюнча 11-седмицада, Пресвятая Владычица биздин Кудайдын Энеси жана Приснодева Мариянын Успения күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Башчыга көмөктөшкөндөр: митрофор протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуу жана даңазалоо бүткөндөн кийин башчы Даниил прихожандарга архипастырлык сөзү менен кайрылды.

“Биз Успение катары майрамдаган ушул ыйык күнү Кудайдын Энеси Кудайдын алдына барган. Пречистая Дева каза болгондон кийин апостолдор анын денесин Кудай Эненин ата-энеси жана ыраматылык күйөөсү – такыба Иосиф жаткан Гефсиманияга көмүшкөн. Жерге берүүгө Фома апостолдон башкалардын баары катышкан. Үч күндөн кийин Фома анын табытын көргүсү келген. Табытты ачышкан, бирок Кудай Эненин денеси жок болуп чыккан – анын кепини гана калган. Кудай Эненин жанын гана эмес анын денесин дагы Кудай тирилткен. Азыр Кудай Эне Кудайдын тагы турган жерде. Ошондуктан христиан чиркөөсү ушул ыйык күндү Успение деп атап келет.

Приснодева Мария жерде 60 жылдан ашык жашаган. Анын өмүрү туулгандан баштап улуу куттуу окуяларга толгон, алардын баары Анын жүрөгүнөн түнөк таап келген. Кудай Эненин Успениесин карап туруп биз өзүбүзгө тилеп алган көрүнүш – Эдем багында биздин түпкү ата-энебиз тыюу салынган жемишти ооз тийгенден кийин пайда болгон өлүм тууралуу ойлой жүрүшүбүз керек. Ошондуктан ар бир туулган киши ушул абалды башынан кечирет. Өлүм түбөлүк жашоого өтүү – биздин жердеги кылган иштерибизге жараша бейишке же тозокко өтүү. Ошондуктан бул тууралуу эстей жүрүү маанилүү. Анткени биздин жердеги жашообуздун бирден-бир максаты – Асмандагы Падышалыктан орун алуу. Эч ким өлүмдөн качып куталбайт, эч ким түбөлүктөн качып кутулбайт. Бул түбөлүктөн биз кандай орун алабыз? Абдан оор суроо. Түбөлүк жашоого өтүү менен киши дайыма коркунучка кабылат. Өлгөн коркунучтуу. Ар бирибиз жүрөгүбүздө ушул тууралуу ойлой жүрүшүбүз керек. Биз тилекке аршы, жердеги жашоого абдан байланып калганбыз жана убактылуу баалуулуктар менен жашап келебиз, алар чынында – болбогон нерселер. Биз түбөлүк жашоону сактап калуу жөнүндө ойлонбойбуз – ага көп убакыт бар беп коебуз. Бирок өлүм бизге качан келээрин эч кимибиз билбейбиз! Биз азыртадан баштап Кудайга жалынып, суранышыбыз керек. Кудай Эненин Успениеси улуу сүйүүнүн үлгүсү жана биз жашай турган жашоонун мисалы – бирөөнү жамандабай, сын сөз айтпай, такыба жашап өтүү керек. Баарыңыздарды Пресвятая Богородицанын Успение майрамы менен дагы бир жолу куттуктайм. Сиздерге түбөлүк куткаруу, денинин жана жан дүйнөнүн саламаттыгын каалайм. Аминь.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.