Бишкек епархиясында «Ленинград жерлеринин ыйык орундары» деген картинкалардын көрсөтмөсүн көрсөтүштү

  25 сентября 2019   На русском
В Бишкекской  епархии презентовали выставку картин «Святые места земли Ленинградской»

2019-жылдын 25-сентябрында Ыйык-Воскресенск кафедралык жыйынынын руханий-агартуучу борборунун конференц-залында «Ленинград жерлеринин ыйык орундары» деген сүрөттөрдүн көрсөтмөсү ачылды. 
Иш-чара Кыргызстандын Ленинград камалуусунда болгондордун коому, ыйык князь Владимир жана Ленинград облусунун ыйык «Ынтымак үйү» мектеби менен биргеликтеги долбоор болуп саналат. Үч уюмдун баарын жаштарды тарбиялоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан төрт жылдык кызматташуу бириктирип турат.
Ачылышка ыйык князь Владимирдин мектебинин окуучулары, Ленинград камалуусунда болгондор жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери катышышты.
Иш-чараны Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын катчысы иерей Александр Пелин ачык деп жарыялады. Поп өз сөзүндө мектеп окуучуларынын көңүлүн бул көрсөтмө «Эч нерсе жетпеген Ыйык Рустун улуулугу жана ички кооздугу менен бизди тааныштырып жатат» дегенге бурдурду.
Саламдашуу сөздөрү менен төмөнкүлөр чыгышты: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, Куралдуу күчтөрдүн  жана оруктун эмгекчилеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Э.Т. Тойгонбаев, Кыргызстандын Ленинград камалуусунда болгондордун коомунун төрагасынын орун басары М.А. Кутанов.
Чогулгандарга чыгып сүйлөгөндөр өз кайрылуулары  менен Кыргызстан менен Россиянын коомдук уюмдары туугандык мамилени сактоодо, өнүктүрүүдө жана эки өлкөнүн элинин ортосундагы өз ара колдоо көрсөтүүдө кызматташуусунун маанилүүлүгүн  баса белгилешти.
Сүрөттөрдүн көрсөтмөсү «Этностук көз караш» сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылык жактан бириктирген абдан маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат. Долбоордун максаты келгендерди Ленинград жеринин диний тарыхы менен тааныштыруу болуп саналат. Облустун диний ибадатканаларын чагылдырган 30га жакын тематикалык сүрөттөр көптөгөн аянтчаларга – ибадатканаларга, монастырларга, мектептерге, музейлерге, көрсөтмө залдарында, Россия Федерациясынын Президенттик китепканасында коюлган.
Кыргызстанда көрсөтмөнү Бишкек епархия чиркөө коомунда, мектептерде жана башка окуу жайларында өткөрүү пландалып жатат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.