Кудайдын Чыныгы жана Тирилтүүчү крестин Воздвижение. Епископ Даниил Владимир соборунда литургия өткөрдү

  27 сентября 2019   На русском
 Воздвижение Честного и Животворящего Креста Господня. Епископ Даниил совершил Божественную литургию во Владимирском соборе

2019-жылдын 27-сентябрында, Пятидесятница боюнча 15-жетиликте, Кудайдын Чыныгы жана Тирилтүүчү Крестинин Воздвижение майрамынында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостол Владимир соборунда литургия жүргүздү.

Башчыга көмөктөшкөндөр: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексей Сыромятников, Владимир соборунун башчысы протоиерей Алексей Зайцев, иерей Георгий Дворовой.

Сыйынуунун жүрүшүндө Кудайдын Крестин даңазалаган дин ырлары аткарылды.

Маалымкат: КУДАЙДЫН ЧЫНЫГЫ ЖАНА ТИРИЛТҮҮЧҮ КРЕСТИН ВОЗДВИЖЕНИЕ
Римдин императорлору-язычниктер биздин Кудайыбыз Иисус Христос кишилер үчүн азап тартып жана кайра тирилип келген ыйык жерлер тууралуу эстеликтерди жок кылууга умтулушкан. Император Адриан Голгофаны жана Кудайдын Табытын топурак менен көмдүрүп жана жасалма дөбөгө язычниктердин Венера кудайынын жана Юпитердин айкелин коюуга буйрук берген. Бул жерге язычниктер топтолуп, идолдоруна курмандык чалып турушкан.

Бирок 300 жылдан кийин Кудайдын кудурети менен христиандардын улуу ыйык жайлары – Кудайдын Табыты жана Тирилтүүчү Крести кайрадан христиандарга кайтып келген жана кийинки муундар үчүн ачылган.

Биздин Кудайыбыз Иисус Христос керилген Крестти издеп таап келүүнү ниеттенген тең апостол Константин Иерусалимге өзүнүн энесин - такыба ханыша Еленаны жиберген, ал Иерусалимдин Патриархы Макарийге кат алып барган.

Ыйык ханыша Елена тапшырманы аткарууга чин дилинен киришкен. Иерусалимге толуп кеткен язычниктердин айкелдерин жок кылууга буйрук берген. Тирилтүүчү Крестти издеп, христиандардан жана иудейлерден сураштыра баштаган, бирок узак убакытка анын аракетинен майнап чыккан эмес. Акырында ага Иуда аттуу картайган иудейди көрсөтүшкөн, ал болсо Крест Венеранын эстелигинин алдына көмүлгөнүн айтып берген. Айкелди бузуп, дуба кылышып, жерди каза башташкан. Тез эле Кудайдын Табыты жана ага жакын жерден үч крест, Пилаттын буйругу менен жазуу түшүрүлгөн тактай жана Кудайдын денесине кагылган төрт мык табылган. Үч кресттин кайсынысына Куткаруучу керилгенин билүү үчүн Патриарх Макарий кресттерди кезеги менен өлгөн кишинин сөөгүнө коюп көргөн. Кудайдын крести үстүнө коюлган учурда өлгөн киши тирилген. Өлгөн киши тирилип кеткенин көргөндөр Тирилтүүчү Крест табылганына ынанышкан. Ыйык Крестке  сыйынуу үчүн келген христиандар святитель Макарийден Крестти көтөрүп жана алыстан көрүп тургандай кылып орнотуп коюуну суранышкан. Ошондо Патриарх жана башка дин кызматчылары ыйык Крестти бийик көтөрө башташкан, эл болсо «Господи, помилуй» деп жалынып, Чыныгы Крестке сыйынып турушкан. Бул салтанаттуу окуя 326-жылы орун алган.

Тирилтүүчү Крест табылган учурда башка дагы керемет болгон: катуу оруп жүргөн аял ыйык Крестти өөп көрүп, дароо эле айыгып калган. Карыя иуда жана башка иудейлер Христке ишенип жана Крещение ырымынан өтүшкөн.

Иуда Кирак деген атты алган жана кийин Иерусалимдин епискобу болуп калган.

Юлиан Отступниктин заманында ал Христ үчүн азап тартып өлтүрүлгөн.

Бул күнү Кудайдын Крестине байланыштуу дагы бир окуя – анын 14 жылдык туткундан кийин Персиядан Иерусалимге кайтып келиши эскерилет. Византиянын Фока императорунун доорунда Персиянын падышасы Хозрой II гректеге каршы согушта Иерусалимди талкалап-тоноп жана Тирилтүүчү Крестти жана Ыйык патриарх Захарийди туткунга алып кеткен. Крест Персияда 14 жыл турган жана Император Ираклий Кудайдын жардамы менен Хозорйду жеңип жана анын баласы Сироес менен тынчтык келишим түзгөндө гана христиандардын ыйыгы – Кудайдын Крести кайтып келген.

Улуу салтанат менен Тирилтүүчү Крест Иерусалимге алынып келген. Император Ираклий падышанын таажысын жана порфир кийип алып Христтин Крестин  Воскресения храмына алып кире баштаган. Падышанын жанында патриарх Захарий болгон. Голгофанын дарбазасынын жанына келгенде император капысынан токтоп калган жана андан ары баса албай койгон. Ыйык Патриарх анын жолун Кудайдын периштеси тосуп жатканын түшүндүргөн, анткени дүйнөнү күнөөлөрдөн куткаргысы келип, Голгофага Крестин көтөрүп бара жаткан Христос өзүнүн Кресттүү жолун басмырланган түрдө басып өткөн. Ошондо Ираклий таажысын жана кийимдерин чечип, карапайым кийимдерди кийип жана Христтин Крестин храмга тоскоолдуксуз көтөрүп кирген.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.