Епископ Даниил Казакстандык жаңы азап тартуучулар жана исповедниктер Соборунун 15 жылдыгын эскерүүгө жана Кудай Эненин Курск-Чыныгы иконасы Алма-Атага алынып келгенине байланыштуу салтанаттарга катышты

  06 октября 2019   На русском
Епископ Даниил принял участие в торжествах в память 15-летия Собора новомучеников и исповедников Казахстанских и принесения Курской-Коренной иконы Божией Матери в Алма-Ате

2019-жылдын 6-октябрында, Пятидесятница боюнча 16-жумада, Алма-Ата шаарында Казакстандык жаңы азап тартуучулар жана исповедниктер Соборунун 15 жылдыгын эскерүүгө жана Курск-Чыныгы Кудай Эненин «Знамение» иконасы Алма-Атага алынып келгенине байланыштуу майрам болду.  

Майрамдык литургия Иверск-Серафимовск монастырынын София соборунда өттү, бул жерде 4-октябрдын кечинен баштап Курск-Чыныгы Кудай Эненин «Знамение» иконасы турат.

Литургияны Казакстандын Православ Чиркөөсүнүн Башчысы, Астана жана Казакстан митрополити Александыр башкарып турду. 

Казакстан митрополия округунун башчысына көмөктөшкөндөр: Орто Азия митрополия округунун башчысы, Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий; Түштүк-Чыгыш Азиянын Патриарх экзархы, Сингапур жана Түштүк-Чыгыш-Азия митрополити Сергий; Бурят митрополиясынын башчысы, Улан-Удэ жана Бурятия митрополити Савватий; Урал жана Актюбе архиепискобу Антоний; Чымкент жана Тараз архиепискобу Елевферий; Вроцлав жана Щецинск архиепискобу Георгий, Польша аскерлеринин Аскердик ординатынын ординарийи (Польша Православ Чиркөөсү), Астана епархиясынын викарийи, Талдыкорган епискобу Нектарий; Казакстан Православ Чиркөөсүнүн иш башкаруучусу, Каскелен епискобу Геннадий; Павлодар жана Экибастуз епискобу Варнава; Единецк жана Бричанск епискобу Никодим (Молдова Православ Чиркөөсү); Караганда жана Шахтинск епискобу Севастиан; Усть-Каменогорск жана Семипалатинск епискобу Амфилохий; Тихвин жана Лодейнопольск епискобу Мстислав (Санкт-Петербург митрополиясы);  Яранск жана Луза епискобу Паисий (Вятск митрополиясы); Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил (Бишкек жана Кыргызстан епархиясы); Кокшетау жана Акмола епискобу Серапион; Саянск жана Нижнеудинск епискобу Алексий (Иркутск митрополиясы); Петропавловск жана Булаевск епискобу Владимир; Чыгыш-Америка епархиясынын викарийи, Манхэттен епискобу Николай (чет өлкөдөгү Орус Православ Чиркөөсү), Клинцовск жана Трубчевск епискобу Владимир (Брянск митрополиясы); Барышевск епискобу, Киев епархиясынын  викарийи Виктор (Украина Православ Чиркөөсү).

Майрамды эскерүү жана Православиенин улуу ыйык иконасына сыйынуу үчүн дин жолундагы көптөгөн кишилер чогулушту.

Майрамдын ардактуу меймандары: Азербайжандагы жана Кыргызстандагы Швеция Королдугунун элчиси Х. Камилл, коомдук уюмдардын жана этно-маданий бирикмелердин жетекчилери жана өкүлдөрү.

Архипастырлар Ыйык Православиенин биримдиги жөнүндө, Чиркөөнү бөлүнүп-жарылуудан сактап калуу жөнүндө жана Украинага тынчтык тилеп жана согушту токтотуу жөнүндө суранып сыйынышты.

Запричастие ырында Астана жана Казакстан митрополити Александрдын Казакстанга керемет жаратуучу Курск-Чыныгы Пресвятая Богородица иконасынын алынып келгендигине байланыштуу кайрылуусу айтылды.

Литургиянын соңунда дин кызматкерлери, хор жана дин жолундагы кишилер Пресвятая Богородицанын керемет жаратуучу образынын алдында славление жүргүзүштү.

Орус Православ Чиркөөсүнүн Башчысы, Москванын жана жалпы Орустун Ыйык Патриархы Кириллге; Казакстан митрополия округунун башчысына жана епископатына, мейман-архипастырларга; улуттун Лидери Н.А. Назарбаевге; Казакстандын Президентине, бийликтерине, аскерлерине жана жалпы калкына узак өмүр тиленди.

Орто Азия митрополия округунун башчысы, Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий митрополит Александрдын епископтук хиротониясынын 30 жылдыгына байланыштуу Патриархтын жөнөткөн куттуктоосун окуп берди. Орто Азия митрополия округунун епископатынын жана паствасынын атынан Казакстан Православ Чиркөөсүнүн Башчысына крест шакек жана панагин тартуулады.

Чыгыш-Америка жана Нью-Йорк митрополити Иллариондун өкүлү – Манхэттен епискобу, Чыгыш-Америка епархиясынын викарийи Николай – Чет Өлкөдөгү Орус Православ Чиркөөсүнүн Первоиерархынын Казакстанга Курск-Чыныгы Кудай Эненин «Знамение» образынын алынып келгендигине байланыштуу куттуктоосун окуп берди. Преосвященный владыка Митрополия округунун Башчысына керемет жаратуучу «Знамение» Курс иконасынын тизмесин тапшырды.

Казакстан митрополия округунун башчысы иерархтарды, дин кызматкерлерин жана дин жолундагы кишилерди Казакстандык жаңы азап тартуучулардын жана исповедниктердин Соборунун 15 жылдыгы менен жана өлкөнүн баш калаасына Кудай Эненин образынын келиши менен куттуктады.

Литургиядан кийин София соборунда Кудай Эненин Курск-Чыныгы керемет жаратуучу иконасынын алдында молебендер жүргүзүлүп жатты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.