Бишкек епархиясынын кызматкери «Көз карандуулук көйгөйүнө диний жактан маани берүү: православиялык жана католиктик көз караш» деген эл аралык конференцияга катышып келди

  09 октября 2019   На русском
Сотрудник Бишкекской епархии принял участие в международной конференции «Богословское осмысление проблем зависимости: православный и католический взгляд»

Епископ Даниилдин батасы менен социалдык кызмат кылуу жана кайрымдуулук бөлүмүнүн өкүлү, Диакон ичкилик ичпөөчүлүк коомунун төрагасы Андрей Тонких көз карандуулук көйгөйүнө – православиялык жана католиктик көз карашка арналган эл аралык  конференцияга катышып келди.

Конференция 2019-жылдын 1 жана 2-октябрында Александр-Нева Лаврада (Санкт-Петербург ш.) болуп өттү.  Катышкан өлкөлөрдүн тизмесинде – Россия, Италия, АКШ, Польша, Румыния, Нидерланды, Беларусь жана Казакстан бар.  Жалпы 27 баяндамачы болду, алардын ичинде Орус  Православиялык Чиркөөсүнүн, чет өлкөдөгү Орус  Православиялык Чиркөөсүнүн (ЧОПЧ) жана Католиктик Чиркөөнүн дин кызматчылары, ошондой эле химиялык көз карандуулук боюнча дарыгерлер жана консультанттар бар.

Баяндамачылар сүйлөп жаткан убакта англис жана италья тилдерине  синхрондук аудио которуу болду.

Конференцияны епископ Тихвиндик жана Лодейнопольдук Мстислав жетектеди. Конференцияга жүзгө жакын адам катышты.

Форумдун катышуучуларына баяндалган башкы темалардын бири – бул оору жана күнөө сыяктуу эле көз карандуулукка көз караш. Баяндамачылардын көпчүлүгү чыгып сүйлөгөндө иш тажрыйбасы жана Жашыруун аракечтердин 12 кадамы программасынын жогорку натыйжалуулугу менен бөлүшүп өтүштү.  

Амстердамда (Нидерланды) кызмат кылган архимандрит Милетий (Веббер) жашоосундагы көз карандуулук жана андан айыгуу боюнча жеке тажрыйбалары менен бөлүштү.

«Унутулгус идиш» шекриктештигинин аткаруучу директору, ЧОПЧнын, АКШнын дин кызматчысы Кристоф Лепутр туугандарынын көз карандуулугу менен дагы иш тажрыйбасын бөлүшкөндүгү менен эсте калды. Мисалдарды келтирип жатып, Кристофтун атасы өзүнүн дарылануусунда, Христов чиркөөсүндө гана толугу менен айыгуу жана кутулуу мүмкүн деп белгилеген.

Бишкек епархиясынын өкүлү, химиялык жактан көз каранды адамдарга жана алардын туугандарына натыйжалуу жардам берип жаткан дин кызматчыларынан жана реабилитациялык борбордун жетекчилеринен баа жеткис тажрыйба ала алды. Конференциянын иш убактысында диакон Андрей Тонких көз каранды адамдарга жардам берүү жаатындагы жетектөөчү адистер жана бүткүл дүйнөгө белгилүү китептердин авторлору менен таанышты. 

Мындай чоң иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк берген үчүн Бишкек епархиясынны социалдык кызмат кылуу жана кайрымдуулук бөлүмү «Бардык жыргалчылыктын күнөөкөрү болгон биздин Кудайга жана куткаруучубузга,  чексиз укуктуу кожоюн Даниилге, ошондой эле учуп келүүгө жана жайгашууга колдоо көрсөткөндөрдүн бардыгына» терең ыраазычылык билдирет.

Алынган билимдер Ичкилик ичпөөчүлүк коомунун ишмердигинде схиархиепископ Антонияга (Абашидзе) арналып, натыйжалуу колдонулат, бул жаман оору менен ооруп жаткандардын бардыгына жардам берүүгө багытталган ишмердик.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.