2019-жылдын 4-ноябрында, Элүүлүктүн 21-жумасында, Кудай Эненин Казан иконасын майрамдоо күнү (Москваны жана Россияны поляктардан куткарууну эскерүү күнү), Кара-Балта шаарындагы Эркектердин архиерейлик конок үйүнүн Казан-Кудай эне храмында динаяттын жыйыны (архимандрит Пётр (Путиёв), Казан храмынын башчысы иеромонах Серафим (Шаталин), влкмч. Димитрий Солунский атындагы храмдын башчысы протоиерей Александр Мезенцев, иеромонах Пафнутий (Денёжкин), Кудай Эненин Казан иконасы храмынын башчысы (Түп айылы) иеромонах Феогност (Павлов), Ыйык Кудай Эненин Жабуусу храмынын башчысы (Чалдовар а.) иерей Виктор Гончарук) Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.
Кудайга сыйынуу көп элдин катышуусунда өттү. Ооз тийгизүү идишине 50дөн ашык адам келди. Литургия аяктагандан кийин храмды айлана Кресттик жүрүш жасалды жана Кудай Эненин Казан иконасынын алдында молебен өткөрүлдү.
Престолдук майрам динаяттын жана чиркөөгө келгендердин чогуу тамактануусу менен аяктады.