Епископ Даниил княгина Ольга храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  04 ноября 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме княгини Ольги

2019-жылдын 4-ноябрында, Элүүлүктүн 21-жумасында, Кудай Эненин Казан иконасын майрамдоо күнү (Москваны жана Россияны поляктардан куткарууну эскерүү күнү) Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостоль княгина Ольга храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: Владимир соборунун башчысы протоиерей Алексий Зайцев, иерей Георгий Дворовой, иерей Александр Аношкин.

Маалымдама: Ыйык Кудай Эненин “Казан иконасы” деп аталган Анын иконасына арналган майрам Москваны жана бүтүндөй Россияны 1612-жылы поляктардын кол салуусунан куткаруунун урматына белгиленген. ХVI кылымдын аягы жана ХVII кылымдын башталышы Россиянын тарыхында дүрбөлөңдүү мезгил катары белгилүү. Өлкөгө поляк аскерлери кол салышкан, алар православ динин табалаган, храмдарды, шаарларды жана айылдарды тоноп жана өрттөшкөн. Алдоо жолу менен алар Москваны ээлеп алышкан. Ыйык патриарх Ермогендин чакыруусу боюнча (12-майда эскерилет) орус эли мекенди коргоого бел байлаган. Князь Дмитрий Михайлович Пожарский жетектеген элдик кошуунга Казандан Ыйык Кудай Эненин кереметтүү образы жөнөтүлгөн.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.