Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  06 ноября 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 6-ноябрында, Элүүлүктүн 21-жумасында, “Бардык кайгыргандардын кубанычы” Кудай Эненин иконасын урматтоо күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Бишкектеги Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун башчысынын орун басары архимандрит Пётр (Путиёв), игумен Нектарий (Блинов) Узбекистан, иерей Никита Чебуков.

Маалымдама: “Бардык кайгыргандардын кубанычы” Кудай Эненин иконасы 1688-жылы өзүнүн кереметтүү күчү менен белгилүү болгон. Патриарх Иоакимдин (1674-1690) Москвада жашаган бир тууган карындашы Евфимия көп убакыт айыккыс оорудан жабыркап келген. Бир ирет эртең менен сыйынуу убагында ал бир добушту уккан: «Евфимия! Менин Уулумдун храмына бар; ал жакта “Бардык кайгыргандардын Кубанычы” деп аталган образ бар. Дин кызматкери сууну ыйыктандыруу менен молебенди аткарсын жана сен оорудан сакаясың”. Евфимия чынында мындай икона Москвада, Ордынкадагы Өзгөрүү храмында бар экенин билип, Ыйык Кудай Эненин айтканын аткарып, сакайып кетет. Бул 1688-жылдын 24-октябрында болгон. “Бардык кайгыргандардын кубанычы” Кудай Эненин иконасы (тыйындар менен) 1888-жылы Петербургда, укмуштуудай чагылгандуу жамгыр убагында кичинекей чиркөөгө чагылган түшүп, бирок андагы Кудай Эненин ыйык иконасы бүтүн бойдон калган кезде белгилүү болгон, ага болгону иконанын жанында жаткан майда жез тыйындар гана жабышып калган. Кичинекей чиркөөнүн ордуна 1898-жылы чоң чиркөө курулган.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.