2019-жылдын 6-ноябрында Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков, республикалык жана шаардык бийликтин өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, диний ишмерлер катышты. Иш-чарага Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын атынан Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун башчысынын орун басары архимандрит Пётр (Путиёв) катышты.
Иш-чаранын алкагында Т. Усубалиевдин өмүр таржымалы тууралуу даректүү фильм көрсөтүлдү жана концерттик программа тартууланды.
Т. Усубалиев башкарып турган мезгилде Бишкекте Ак үй, Өкмөт үйү, Улуттук филармония, “Айчүрөк” БУМ, Ч. Айтматов атындагы орус драма театры, Токтогул ГЭСи, Ала-Тоо аянты ж.б. сыяктуу мекемелер жана мамлекеттик объекттер курулган.