2019-жылдын 20-ноябрында, “Ислам жана Православие” Эл аралык конференциясынын алдында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга катышты.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максат ажы Токтомушев катышты.
Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин маданияттарынын биримдигин жана ар түрдүүлүгүн сактоо жана бекемдөөнүн маанисин белгиледи. Инсандын, коомдун жана жалпысынан мамлекеттин өнүгүүсүндө руханий жан дүйнөнүн өзгөчө ролун баса белгиледи.
Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков ишенимге аяр мамиле жасоо жана ынтымакты бекемдөө идеяларын коомго сиңирүү зарылдыгын белгиледи.
Муфтий Максат ажы Токтомушев жана епископ Даниил региондордо конфессиялар аралык диалогду жакшыртуу, өлкөдө диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле коомдо конфессиялар аралык ынтымакты жана сабырдуулукту бекемдөө, радикализм жана экстремизмди алдын алуу маселелери талкууланды.